Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 19.07.2019 22:45

Таластагы ипподром Көчмөндөр оюндарына карата 30 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Таласта быйыл өтө турган Көчмөндөр оюндарына карата Р.Алканов атындагы ипподромду оңдоп-түздөө иштерине 30 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.

Маалымака караганда, бүгүнкү күндө кызуу даярдык жүрүп жатат. Спорттук оюндар Талас шаарында жайгашкан Р.Алканов атындагы ипподромдо өтөт. Көрүүчүлөргө 2 миң орун даярдалат. Көчмөндөр оюндары «Манас Ордо» комплексинде ачылып, ошол жакта аяктайт. Ал жакта демөөрчүлөрдүн каражаттарына майда-барат иштер жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×