Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.07.2019 18:00 Жаңыланды: 19.07.2019 18:32

Нарын шаарында Турдакун Усубалиевдин ордуна кимдин сүрөтүн илишкен?

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илинген баннерге башка кишинин сүрөтү жайгаштырылып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курмановдун айтымында, баннер мындан эки күн мурда илинген.

«Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Нарын шаарынын борбордук аянтында июнь айында биринчи баннер илинген. Кийин шамалдын кесепетинен ал баннер айрылып, кайра башка баннерди жасоо үчүн жергиликтүү басмаканага буйрутма берилген. Бирок басмаканада иштегендер ката кетириптир.

Жаңы баннер өзүбүздүн эле «Таза-Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан эки күн мурда илинген. Азыр бул ишти юристтер карап жатышат. Бул баннерге биз эле буйрутма бербестен, башка райондор, айылдар дагы буйрутма берип алып кетишиптир. Бүгүнкү күндө ал баннерлердин баары кайра кайтарылып жатат», - деди Д.Курманов.

Баннерге Турдакун Усубалиевдин сүрөтүнүн ордуна мурдагы министр Кадырма Орозалиевдин сүрөтү жайгаштырылган. Учурда бул баннер алынып, анын ордуна башка баннер илинди.

2019-жылдын 2-февралында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×