Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 27.07.2019 15:07

Айыл турмушу: 300 кг салмактагы атты көтөргөн Б.Жумабековдун ийгилиги

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кумарык айылынын 24 жаштагы тургуну Байыш Жумабеков 6 жылдан бери эр эӊиш менен машыгып, мелдештерге катышып келет. Ал Суусамыр өрөөнүндө өткөн Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесинде 300 кг салмактагы атты 15 см жогору көтөрүп, байгелүү кайткан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Буга чейин 300 кг салмакка чейинки жансыз жана жандуу нерселерди көтөрүп көргөн эмесмин. Суусамыр өрөөнүндө өткөн мелдеште 300 кг атты биринчи жолу көтөрүп көрдүм. 15 см жогору көтөрүп, 2-орунду багындырдым. Байгесине бир тай беришти.

Балбандык канымда бар. Айылдагы кишилер «чоӊ атаӊ балбан киши болгон» деп айтып калышат. 18 жашымдан бери спорттун эр эӊиш түрү менен алектенип келем. Өзүбүздүн Панфилов районубузда өткөн мелдеште 1-орунду, таяк тартыш боюнча өткөн Чүй облустук мелдеште 1-орунду алсам, өлкө боюнча 3-орунду багындыргам.

Келечекке максаттарым көп. Ийгиликтерди багындырып, мекенимди алыска таанытам деген тилектерим бар», - деди ал.

Байыш Жумабеков 1995-жылы туулган.

«Бойдокмун. Төрт бир туугандын экинчисимин, үч кыз, бир уулбуз. №27 кесиптик лицейден унаа устасы кесибин алып чыккам. Азыр айылда мал менен алектенебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×