Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 19.07.2019 18:40

Кара-Буурада жаандан улам чөп коюу чыгып, өрт кооптуулугун жаратууда

Turmush -  Бүгүн, 19-июлда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын өкүлдөрүнүн, өрт өчүрүүчүлөрдүн, айыл өкмөт кызматкерлеринин өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуусу өттү. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Болот Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, жаз-жай айларында жаан көп жаагандыгына байланыштуу тоолуу аймактарда чөп коюу жана бийик болуп өстү. Бул өрт чыгуу коопсуздугун жаратууда. Кырсыктарды алдын алуу боюнча машыгууга 60 адам, 11 техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×