Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.07.2019 15:34

Ат-Башыда «Өспүрүм түн» операциясы өтүп жатат

Turmush -  Ат-Башы районунда «Өспүрүм түн» операциясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, операция Ат-Башы РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатат. Күндүз балдар сууга чөгүп кетүү коркуну бар жерлерге барып, балдарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кечкисин балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейддерге чыгышууда. Кызматкерлердин айтымдарында, азыр жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузуу жокко эсе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×