Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.07.2019 14:29

Ош—Бишкек жолунда эки унаа бетме-бет кагышып, ата-бала ооруканага түштү

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда эки унаа бетме-бет кагышып, анын кесепетинен ата-бала ооруканага түштү.

Жол кырсык 18-июлда Ош—Бишкек жолунун 291-чакырымында, тактап айтканда Токтогул шаарынын аймагында катталган. Ата-бала Ош тараптан борборду көздөй «Мерседес-Бенц» унаасы менен бара жатып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Окуядан кийин жеңил унаанын айдоочусу уулу менен ооруканага түштү.

Токтогул аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Нуржамал Тешебаеванын айтымында, кырсыктан жабыркаган 14 жаштагы баланын баш мээсинин сөөгү сынып, учурда абалы оор болууда.

«Өспүрүм 2-даражадагы травматикалык шок алган. Ал невропатологдун көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди алууда. Шок абалдан чыккандан кийин Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Атасынын буту сынган, ал борборго жөнөтүлдү. Эки бейтап бизге 18-июлда саат 23:45 чамасында келген», - дейт ал.

Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×