Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 19.07.2019 12:43

Нарын районундагы жайлоодо өлгөн малдын анализи республикалык лабораторияда текшерилүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кенинин аймагында өлгөн малдардын анализи республикалык ветеринардык лабораторияда текшерилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков Солтон-Сарыга барган учурда билдирди.

«8-июлда ушул жердин чабандары койлорубуз өлүп жатат деп, райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына келишкен. Эки адис өлгөн малды дароо лабораторияга алып барышкан. Ошондо койдун организминен мышьяк менен нитрат чыкты деген анализ келген.

15-июлда койчулар өлгөн малдын сүрөттөрүн жиберишти. Биз андан 22 баш жандык өлгөнүн көрдүк. Анын ичинде бир эчки, эки кой, бир улак, калганы койдун козулары болгон. Республикалык ветеринардык лабораторияга өлгөн эки козу жана тирүү бир козу жеткирилген. Аны биз эки ыкма менен текшергенбиз. Бирок эч кандай нитрат менен мышьяк чыккан жок. Бизде дагы текшерүүнүн башка жолдору бар. Алардын жыйынтыгы 10 күн аралыгында чыгат.

Биз бул жердеги башка төрт түлүк малды карап чыгабыз. Эгерде кандайдыр бир жугуштуу оору чыкса карантин киризүүгө сунуш беребиз», - деди Кумарбек Исаков.

17-июлда Нарын районунун Солтон-Сары алтын кениндеги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, жүзгө жакын жергиликтүү эл чогулган болчу.

Тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, атайын түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Төлөнбай Исаков, өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Мырза Жолонбаев жана Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаментинин директору Абдыкалык Рустамов жолугушту.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан болчу. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн эле. Андан жандык малдардын өлүп жатканын көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери жүрүп, жолдор салынууда.

Аталган компания Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулуу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×