Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.07.2019 11:42

Мал жоготуунун алдын алуу үчүн кандай эрежелерди билүү керек?

Turmush -  Тургундар малын жайлоого чыгаруу үчүн алгач чабан менен эки тараптуу келишим түзүшү керек, деп билдирди Ат-Башы РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери, ага ыкчам өкүл, милициянын ага лейтенанты Мурат Озозакунов.

«Ат-Башы районунун аймагы мал багууга ыңгайлашкан жана райондун басымдуу калкы мал багуу менен тиричилик кылары баарыбызга белгилүү. Ошондуктан урматтуу тургундар, мал-жандыктарды мал багуучу адамдарга берип жаткан учурда ооз эки айтып, акчасын төлөп койбостон (белгисиз себептер менен жоготсо же өлтүрүп алса, өлгөн малдын өлүктөрүн көрсөтө албаса), малды төлөп берүгө милдеттүү кылып, эки тараптуу келишим түзүү керек.

Райондун айрым тургундары мал-жандыктарын эч кимге дайындабай, көзөмөлсүз эле жайлоолорго чыгарып жиберген факт кездешүүдө.

Көчүү-конуу мезгилинде жолдон кошулган малдарды милиция кызматкерлерине билдирүү керек.

Мал базарга сатылып жаткан мал боюнча айта кетсек. Азыр малдар ветеринардын маалым каты менен базарга жеткирилип жатат. Андай убакта райондук ички иштер бөлүмү мал каяктан чыкканын тактай албай калат. Ошондуктан айыл өкмөттүн чарба китеби аркылуу берилген маалым кат жана ветеринардын маалым каты дагы болушу зарыл. 2018-жылы мал уурулук боюнча кылмыштар көп болуп, айыл өкмөттүн маалым каты менен кылмыштын бетин ачкан күндөр болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×