Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.07.2019 08:22 Кыргызча

Ысык-Көлдө достордун эс алуусу 19 жаштагы жигиттин өлүмү менен аяктады

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Ысык-Көлдүн жээгинде достору менен эс алып жаткан 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бөөдө кырсык 18-июлда болгон. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну достору менен Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск аймагындагы Дача участкасында эс алып жаткан. Алар көлгө түшүп жатып, достордун бири сууга чөгүп кеткен.

ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнөн билдиришкендей, куткаруучулар сууга чөгүп кеткен адамды эки саат издеп, саат 19:30да суудан алып чыгышкан.

«Көл кир болуп, түбү көрүнбөгөндүктөн издөө иштери кыйынга турду. Суучулдар тартылып, саат 19:30 чамасында тор менен алып чыктык. Ал жээктен 20 метр алыс, 2,5 метр тереңдиктен табылды», - дешти куткаруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×