Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 18.07.2019 15:58 На русском

Жети жылга кесилген ЖКнын экс-депутаты М.Исаковду сот үй камагына чыгарды

Turmush -  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Музаффар Исаковду Сузак райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди.

Анын айтымында, Сузак райондук соту 15-июлдагы сот отурумунда М.Исаковду үй камагына чыгарып, ал сот залынан бошотулган. Экс-депутаттын үйүнө чыккандыгы ага 17-июлда маалым болгон.

Буга чейин Жалал-Абад облустук соту М.Исаковду 7 жылга кесип, 4 жылын күчөтүлгөн тартипте, 3 жылын үй камагына өтөө чечимин чыгарган болчу.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы экс-депутатты үй камагына чыгаруу боюнча райондук соттун өкүмү чыкканын ырастап: «Сузак райондук сотунун 2019-жылдын 15-июлундагы токтому менен жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылып, айыпталуучуларга карата колдонулган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, аларды үй камагына чыгаруу чарасы 2019-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды», - деп билдиришти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Музаффар Исаков (КСДП) жана айыл өкмөттүн 3 кызматкери сот залынан камакка алынганы маалымдалган.

14-майда облустук сот М.Исаков, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Т.Гиязов жана айыл өкмөттүн эки жер адисине карата козголгон кылмыш ишти караган. Отурумдун аягында судья М.Исаковду 7 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Ал эми 3 кызматкер 5 жылга эркинен ажыратылган.

Окуя тууралуу:

2017-жылдын февраль айында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш ишин козгогондугу белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болгондой, М.Исаков Жалал-Абаддын Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондук Мамкаттоо жана архитектура кызматынын жоопкерчиликтүү адамдары менен жашыруун келишим түзгөн. Анын негизинде 2010-2015-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди турак жай курууга уруксат берүү боюнча мыйзамсыз 315 токтом кабыл алынган. Текшерүү учурунда жашоочулар жер тилкелерди 1,5-3 миң долларга чейин сатып алганын айтышкан. Бул ишти иликтөө УКМКга тапшырылган болчу.

Райондук соттун чечими:

2018-жылдын декабрь айында Сузак райондук соту Музаффар Исаковдун кылмыш иши боюнча өкүм чыгарган. Анда сот М.Исаковду айыптуу деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, сыноо мөөнөтүнө 3 жылга кескен. Соттук отурумда прокурор М.Исаковдун мүлкүн конфискациялап, 12 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Соттолуучулар ишти облустук сотко өткөрүүнү суранышкан:

2019-жылдын январь айында аталган иш Жалал-Абад облустук сотуна өткөндүгү белгилүү болгон. Себеби Сузак райондук соттун чечими боюнча прокурордун апелляциялык сунушу, соттолуучулар тарабынан апелляциялык даттануулар болгону айтылган. Облустук сот февраль айында аталган иш каралып жаткандыгын кабарлаган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×