Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 18.07.2019 14:51 Жаңыланды: 18.07.2019 19:09

«Кылмышкерди кармоо үчүн кетип, 12 күн жоголгон милиционер»: Жубайы окуянын чоо-жайын айтып берди. Видео

Turmush -  Бүгүн, 18-июлда Талас РИИБде милициянын 10 ардагеринин жубайларына «Офицердин жубайы» төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлык алгандардын бири Зыйнат Рыскулбекованын айтымында, милиционердин жубайы болуу өтө оор.

«Милиция кызматкерлеринин түйшүгү оор. Ал кишинин жубайы болуу чыдамкайлыкты талап кылат. Жумушунда так убакыт жок, чакырганда тез арада кетип калат. Күндөп-түндөп иштешет. Аны түшүнүп, балдарды өзүң тарбиялап, жардам берип, жумушуна дагы кошо жардамдашып жашаш керек.

Жолдошум Таласбек Жамгырчиев Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну. 28 жыл ички иштер бөлүмүндө иштеди. Экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 37 жыл болду. 2 кыз, 1 уулдуу болдук. Жолдошум иштеген убакта телефон жок болчу. Кетип калса кудайдан суранып, аман келсе экен деп эле отурчубуз. Биз майрамды да билбей калдык. Майрамдарда такай иштеп кетчү. Биз майрамдан мурун же кийин балдар менен чогуу майрам кылчубуз.

Бир окуя эсимде. Ошондо Талас ОИИБди Феликс Кулов жетектеп турган кез эле. Жолдошум кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеп жүргөн. Бирөөнү кармап келем деп 12 күн келген жок. Ал кезде телефон жок, дайынсыз болду. Байкушум 12 күндөн кийин жүдөп, кир болуп келди. Келгенде көпкө чейин коё бербей, ыйлап тосуп алганым эсимде», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×