Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 18.07.2019 13:22

Нарында дайынсыз болгон бир туугандарды милиционер таап берди

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айылында үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон балдарды милиция кызматкерлери таап беришти. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июль күнү саат 16:30 чамасында Нарын районунун Чет-Нура айылынын 1970-жылы туулган тургуну Жусуп Исагалиев РИИБге 112 кызматы аркылуу кайрылып, 2011-жылы туулган кызы С.Алмира жана 2008-жылы туулган уулу С.Эсентур үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам издөө иштеринин негизинде Нарын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын капитаны К.Ыбышакунов дайынсыз болуп жаткан бир туугандарды таап берген. Алар атасынын агасы Бексултан Исагалиевдин үйүндө жүргөнү аныкталып, балдар ата-энесине тапшырылды.

15

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×