Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 18.07.2019 13:01 На русском

Ишкердин 7 жашар баласын мыкаачылык менен өлтүргөн жигит кандай жаза алды?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү делип кармалган адамды Ноокен райондук соту өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ноокен райондук сотунун 2019-жылдын 1-июлундагы өкүмү менен А.Х.М. КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-4-5-9-14-15-пункттары (Киши өлтүрүү: мыкаачылык менен; бейбаштык максатта; пайда көздөө максатында же жалдоо менен; каракчылык, опузалап акча талап кылуу же террордук акт; адамды уурдоо же барымтага алуу) менен күнөөлүү деп табылып, 100 000 сом айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Бүгүнкү күндө өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу келтирилген эмес», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу

Окуя ушул жылдын 4-апрель күнү Ноокен районуна караштуу Масы айылында болгон. Кылмышка шектелген 22 жаштагы жигит менен маркум окуучунун атасынын ортосунда акчага байланышкан маселе жаралган.

5-апрелде саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Масы айылынын 1983-жылы туулган тургуну С.З. арыз менен кайрылган. Анын арызында 1-класста окуган уулу — 2012-жылы төрөлгөн Т.А. 4-апрелде дайынсыз жоголгону жазылган. Саат 12:00 чамасында белгисиз адамдар баланы айылдан алып кетишкен. Анын арызы Жазык кодексиндеги 170-берененин (адам уурдоо) негизинде каттоого алынган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө айылдын ишкерлик менен алектенген жашоочусуна 4-апрелде саат 14:00 чамасында белгисиз адам телефон чалып, «уулуң бизде, 13-апрелге чейин 120 миң доллар тап» деген. 1 саат өткөндөн кийин ушул эле номурдан «өзүм чалам, милицияга билдирсең уулуңду өлтүрөбүз, аталган суммадагы акчаны 10 күндүн ичинде табасың» деген билдирүү келген. Ыкчам тергөө тобу дароо шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо үчүн иш-чараларды баштаган.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында ошол эле күнү шектүү катары 1997-жылы туулган А.Х. кармалган. Тергөөдө оор кылмыш жасалганы, тактап айтканда жоголгон бала өлтүрүлгөнү аныкталган. Шектүү кылмыш жасалган жерди көрсөтүп, талаадан 7 жаштагы баланын денеси табылган. Кылмыш иш Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнө өзгөртүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Бала уурдалгандан кийин бир нече сааттан соң өлтүрүлгөн. Андан кийин шектүү баланын ата-энесине телефон чалып, ири суммадагы акча талап кылган. Болжолдуу маалымат боюнча, шектүү баланы анын атасынан өч алуу үчүн өлтүргөн. Буга чейин баланын атасы менен шектүү чогуу иштешкен. Ал маркум баланын үй-бүлөсү менен жакындан тааныш болгондуктан оңой эле уурдап кеткен», - деп билдирген облустук милиция.

Өлтүрүлгөн баланын атасы (аты-жөнүн атоону каалаган жок) окуя тууралуу өзүнүн пикирин айтып берди.

«Шектүү жигит буга чейин менин колумда иштечү. Жумушту жакшы өздөштүрүп кеткендиктен көңүлүмө туура келип, ишин улантып жаткан. Ишеничке кирип алган соң, кампадан курулуш материалдарын уурдап жатканын аны менен чогуу иштеген балдар айткандан кийин көңүлүм сууп калды. Иштеп жүргөн учурда үйүмдүн курулуш иштерин бүтүрүп алайын деп менден 150 миң сомго жакын товар алган болчу. Иштен чыгаар алдында алган карыздарын араң өндүрүп алган болчумун. Ал ортодо курулуш материалдарын дүң баада саткан дүкөңдөрдөн, уюлдук телефон саткан кеңселерден менин атымды жаздырып, карызга буюм алган экен. Арадан бир жыл өткөндөн кийин да аны жумушка алуумду, карызга товар берип турууну өтүнүп келип жүрдү. Бирок мен аны жумушка алган жокмун. Мурда биз менен чогуу иштеп жүргөндүктөнбү 7 жаштагы уулум менен мамилеси бир туугандай жакшы болуп калган. Уулум дагы аны аябай жакшы көрүп, ага деп жанында жүрчү.

4-апрель күнү мен дүкөндө соода кылып отургам. Уулум мектептен келип, үйгө кирип кетти. Негизи мектептен келгенде кийимдерин алмаштырып чыгып, мага каралашчу. Кечирээк үйгө келсем уулум жок, өз алдыбызча издей баштадык. Түнкү 24:00 чамасында милицияга кабар бердик. Ушул эле күнү баламды өлтүргөн жигит 3-4 жолу келип, чоң өлчөмдө курулуш материал керектигин айтканда мен берген эмесмин. Көрсө ал уулумду үйдүн артынан алып чыгып, талаага алып барып муунтуп өлтүрүп койгондон кийин мага келиптир.

Уулум мага аябай жакын болчу. Муну билген шектүү атайын жасады. Ата үчүн эң оору баласынын сөөгүн өлүкканадан көрүү экен. Мен өлүкканага барганда баламдын башы чабылган, тили чыгып, бети-башы ылай болуп калган экен. Кантип адам баласы ушундай кадамга барсын?», - дейт маркум баланын атасы.

Ал белгилегендей, чынында эле ага телефон аркылуу белгисиз адам байланышып, 120 миң доллар талап кылган.

Милициядан алынган маалыматка караганда, шектүү баланы өлтүргөндөн кийин денесин Масы айылындагы талаага алып барып көмгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×