Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.07.2019 12:31

Сүрөт — Чоң энелер Кырчын жайлоосундагы таштандыларды тазалап жатышат

Turmush -  Ысык-Көл районунда 12 жыл мурун уюшулган «Ысык-Көл айымдары» элдик фольклордук тобундагы апалар Кырчын жайлоосун тазалап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, топто 60 жаштан 75 жашка чейинки 12 апа бар.

Топтун жетекчиси Тилек Маткеримованын айтымында, алар бир айдан бери өз ыктыяры менен Кырчын жайлоосуна жумасына бир жолу барып, таштандыларды тазалап жатышат.

«Жайлоодо тазалыкты сактап, келген туристтерге жагымдуу маанай тартуулоо жана башка адамдарга үлгү болуу максатында тазалык акциясын өткөрүп жатабыз. Топтун мүчөлөрү жумасына бир жолу бул жайлоого келип, таштанды тазалашат. Ошондой эле келген жарандарга жаратылышка аяр мамиле жасоо керектиги боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жатышат», - дейт Т.Маткеримова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×