Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.07.2019 11:36

Үч жигит унаа менен бараткан адамды эс-учун жоготкуча сабап, тоноп кетишти

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жолдо бара жаткан унааны токтотуп, телефон жана акча тоногон жарандар кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июнда Сузак районунун 1993-жылы туулган тургуну Х.Н. милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде 20-25 жаштардагы үч бейтааныш жигит көк түстөгү «Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен кысып токтотуп, аны сабап, эс-учун жоготкон учурда кол телефонун жана унаасындагы 4000 сом акчасын алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүмүнүн (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш окуясына катыштыгы бар делген атуулдардын автоунаасынын мамлекеттик номуру жана ээси аныкталган.

Бул кылмышка катыштыгы бар делип Чүй облусунун Жайыл районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Р. жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары — 1998-жылы туулган К.Н. жана 1992-жылы туулган К.У. шектүү катары кармалды. Кылмыш иштерине байланыштуу далил буюм заттар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×