Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуКемин району 18.07.2019 11:12

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканада өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин кампасынан жана айланасындагы куураган чөптөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен аянты 700 метр квадрат болгон кампа толугу менен жана 500 метр квадрат ачык аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

«Өрт алгач айланадагы кургак чөптөн чыгып, эски керебет, буюм-тайымдар коюлган кампа толугу менен күйүп кетти. Кимдир бирөө куураган чөпкө тамеки таштап койсо керек. Өрт өчүрүүчүлөр келип өчүрүп калышты. Эч ким жабыркаган жок», - деди күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×