Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 18.07.2019 11:56

Чүйдөгү айылдарда ири аянттардагы куураган чөптөр өрттөндү

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жайыл районунун Полтавка айылындагы талаада 7 гектар чабылган арпанын орду жана 6 гектар арпа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ысык-Ата районунун Гагарин айылында ачык аянтта 2 гектар куураган чөп жана таштанды күйдү.

Москва районунун Спартак жана Төлөк айылынын ортосунда 1 гектар чабылган эгин талаасынын орду күйдү.

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында ачык аянтта 1 гектар куураган чөп өрттөндү.

Панфилов районунун Орто-Арык айылында ачык аянтта 10 гектар куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Төрт-Гүл айылында ачык аянтта 20 гектар куураган чөп өртөнүп кетти. Асыл-Баш айылында ачык аянтта 1 гектар арпа күйдү.

Учурда аталган кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×