Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.07.2019 10:59

Ысык-Көлдүн туристтик милициясына жол тандабас бөлүндү. Видео

Turmush -  Ысык-Көл облусунун туристтик милициясына тоолуу каттамдарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жол тандабас бөлүндү. Бул тууралуу 18-июлда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тоолуу каттамдарда эс алып жүргөн чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ИИМ тарабынан Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясына жол тандабас берилди. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуу үйлөрүнө КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек ШИИБдин туристтик милициясынан кошумча күчтөр да тартылган.

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Тоң райондорунун тоолуу аймактарында туристтик милициянын чет тилин билген 20 кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылып жатышат.

ОИИБдин маалыматына караганда, туристтик милициянын кызматкерлери жол тандабас менен тоолуу каттамдарды кыдырып, туристтер менен жолугушуп, аларга саякаттоо эрежелери жана коопсуздуктун ченемдери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, жайкы сезон учурунда жайлоого чыкан жергиликтүү тургундарга дагы бөөдө кырсыктардын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×