Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 18.07.2019 10:37 На русском

Сокулукта 62 жаштагы аял каналга агып кетип каза болду

канал, суу, чөгүү, утонул
канал, суу, чөгүү, утонул

Turmush -  Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Быстроток каналына 62 жаштагы аял агып кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга 1957-жылы туулган аял каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:33тө маркумдун жансыз денесин каналдан алып чыгышты. Маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Айыл тургундарынын айтымында, каза болгон аял курулушчулар дачасында жашачу.

«Ал небереси экөө канал боюндагы жапайы өрүктөрдү терип жатышыптыр. Каналдан аркы өйүзүнө секирем деп кулап кеткен экен», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×