Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуНарын району 18.07.2019 08:48

Солтон-Сары алтын кенинде чогулган эл кандай талаптарды коюшту? Видео

Turmush -  Кечээ, 17-июлда Нарын районунун Солтон-Сары алтын кениндеги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, жүзгө жакын жергиликтүү эл чогулган болчу.

Тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, комиссиянын өкүлдөрү — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Төлөнбай Исаков, өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Мырза Жолонбаев жана Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаментинин директору Абдыкалык Рустамов жолугушту.

Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков өлгөн мал боюнча экспертизанын жыйынтыгы 10 күн ичинде чыгарын айтты. Мындан сырткары суудан, топурактан дагы анализдер алынып, алардын жыйынтыгы жакынкы арада чыгарын белгиледи.

Дубан башчысы Аманбай Кайыпов комиссиянын өкүлдөрү менен чогуу жардыруу иштери жүрүп жаткан жерге барышты. Чогулган эл аларга мындай талаптарды коюшту:

- Кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу;

- Солтон-Сарыдагы жүрүп жаткан ишти 15 күнгө токтотуп, бул аралыкта көз карандысыз эксперт менен текшерүү иштерин жүргүзүү.

Өз кезегинде Аманбай Кайыпов элдин талабын өкмөт башчыга жеткирерин, жакынкы арада жообун бере турганын айтты.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан болчу. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн эле. Андан жандык малдардын өлүп жатканын көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери жүрүп, жолдор салынууда.

Аталган компания Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулуу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×