Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Токмок 18.07.2019 08:30

Токмокто үйү өрттөнгөн жалгыз бой энеге акчалай жардам берилди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаардык кеӊештин айрым депутаттары үйү толугу менен өрттөнүп, 3 баласы менен көчөдө калган Ольга Евсюковага 14 миӊ сом жана азык-түлүк тапшырышты.

Буга чейин калаа башчысы Данияр Амангелдиев, вице-мэр С.Ступников, шаардык кеңештин депутаты Ю.Ваншу жана ӨКМдин Токмок шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери Ольга Евсюкованын абалын сурап, мэр тиешелүү жардамдар берилерин белгилеген болчу.

Ага чейин Чүй облусунун Токмок шаарындагы турак үй толугу менен күйүп кеткендиги маалымдалган. Үйдүн ээси — жалгыз бой Ольга Евсюкова аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 2-июлда болгон.

Ал үч баланын энеси.

«Мен үйлөрдү сырдап, жыйнап, актап, убактылуу жумуштарда иштейм. Үй өрттөнгөн маалда жумушта болчумун. Мага кабарлаганда дароо үйгө келдим. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп жатышыптыр. Бардык эмеректер, документтер күйүп кетти. 3 балам менен көчөдө калдык. Балдарымдын улуусу 10 жашта, экинчиси 8 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Бул үй мага чоң ата, чоң энемден калган. Азыр менин эч кимим жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×