Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.07.2019 08:00 На русском

Жумгалдагы жөнөкөй ветеринар Т.Токтоналиев кантип миллиондорду табат?

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын 49 жаштагы тургуну Тасынбек Токтоналиев алгач тыбыттуу эчкилерди багуу менен мал чарбасын түптөгөн. Аймактык кабарчы чарба ээси менен таанышты.

Токтоналиев эки кесиптин ээси, тактап айтканда ветеринар жана экономист. Ал мал чарбачылыгы менен 20 жылдан бери алектенип келет. Учурда анын чарбасында асыл тукум уй, бука, кой, эчки жана жылкылар багылат.

«Мал багуу менин бала кездеги кыялым болчу. Башында тыбыт, жүн менен соода кылчумун. 2000-жылы тыбыттуу, тактап айтканда оренбург жана фридом (оренбург менен кыргыз эчки-текелердин аргындашуусунан чыккан тукум) эчкилерин бактым. 2003-жылы Чоң-Арал айылынан кыргыз койлордун козуларын алып бага баштадык. Аларды гиссар кочкорлор менен аргындаштыргандан кийин мыкты койлорду алдым.

Кыргыз уйларга Сибирь букаларын коштук. 95 миң сомго 11 айлык торпокту алып келдим, анын салмагы 547 кг болду. Негизи анын энеси 45 литрден сүт берген уй экен. Андан кийин 50 тубар уй сатып алып, таза кандуу буканы аргындаштырып көбөйттүм. Жакында эле 90 миң сомго кочкор алып келдик», - деди Т.Токтоналиев.

Анын күлүктөрү мелдештерге түшөт.

«Ысык-Атадан 4,5 миң долларга таза кандуу эркек тай сатып келдим. Мындан тышкары 150-200 миң сомго чейин бааланган ургаачы тайларды алдым. Жалпы 12 жылкы болду. Анын ичинен экөө Суусамырдан алынса, бирөө кыргыз жылкы. Калганы күлүк жана жорго аттар. Саяпкерлердин эмгеги менен күлүк, жорголорум мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды алып келет», - деди ал.

Тасынбек Токтоналиев чарбасынан бир жылда 2,5 млн сом таза киреше түшөрүн жашырган жок.

«Учурда эчкилер 4000-4500 сомго, койлор 10 000 сомго, козулар 8 000 сомдон жогору бааланып жатат. Ал эми уйлардын алды 80 000 сомго чейин, арты 66 000 сомдон, тайлар 50 000 сом, алды 100 000 сомго сатылууда», - деди ал.

Малга кышында 5000 таңгак чөп даярдалат. Чарбада жалпы 5 адам эмгектенет. Алардын төртөөнө айына 6-7 миң сом эмгек акы төлөнүп, чабанга 20 миң сом берилет.

Т.Токтоналиев үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Учурда Turmush басылмасы Кыргызстандагы фермерлер боюнча журнал даярдап жатат. Т.Токтоналиевдин чарбасы тууралуу кенен макаланы ушул журналдан окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×