Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу, Баткен 17.07.2019 13:40 На русском

Баткенде милиция кызматкерлери 6 айдагы жумуштарынын жыйынтыгын чыгарышты

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Баткен ОИИБ быйылкы жылдын 6 айында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышты. Облуста 6 ай ичинде 961 кылмыш жана жоруктар каралып, анын ичинен 320 иштин бети ачылган. Криминалдык милиция кызматынын багыты боюнча 430 кылмыш жана жорук иштери тергелген. 35 оор кылмыштын ичинен 12 иштин, өтө оор 3 кылмыштын бети ачылды. 6 ай аралыгында адам өлтүрүү боюнча 9 факт катталып, бешөөнүн бети ачылды. Уурулук боюнча 105 сотко чейинки өндүрүш катталып, 50 кылмыш соттук кароого жиберилген. Издөөдө жүргөн 15 кылмышкер кармалып, мыйзам негизинде жоопко тартылды. Качып жүргөн 15 жарандын экөө Кыргызстанга алынып келди. Дайынсыз жоголгон 27 адамга издөө жарыяланып, алардын ичинен 14 адамдын жүргөн жери аныкталган.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев аткарган иштери натыйжалуу болбогон кээ бир ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана бөлүм башчыларына катуу сындарды айтып, кемчиликтерди жоюу максатында талаптарды койду. Баткен шаарындагы жол кыймылын инспекторлор толук көзөмөлгө албагандыктан иш солгун жүрүп жатканы, Лейлек районунда мал уурулуктун бетин ачуудагы жумуштун начардыгын белгиледи.

Баткен районунда чек ара тилкелеринде катталган кылмыштардын сотко чейинки өндүрүштөгү иштерди толук кандуу жүргүзүү жагы Баткен РИИБдин жетекчилигине тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×