Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 17.07.2019 12:55 На русском

«20 000 долларлык айгыр өлдү»: Суусамырдагы нааразычылык жана компаниянын жообу

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндөгү айрым тургундар Кара-Булак участкасында алтын казып иштеткен компаниянын ишин токтотууну талап кылышууда. Алардын айтымында, бул иш экологияга терс таасирин тийгизип, алтын чайкалган суудан мал-жандыктар өлүп жатат. Бирок компания бул дооматтарды четке кагып келет.

Айыл тургуну Индусбек Карыбеков быйыл өлгөн майда малдын саны болжол менен 40-50гө жетсе, бодо малдын саны онго жеткенин айтат.

«Суусамырдагы элдин биринчи көйгөйү — алтын казып иштетип жаткандар. Канча жылдан бери элдин баары нааразы болуп келе жатышат. Баары каршы. Бирок элдин пикирин угайын деген жергиликтүү бийликте бир жан жок. Тескерисинче алтын иштетип жаткан «Элко Сервис» компаниясына адвокаттык кылып, ошолордун кызыкчылыгын талашып жатышат.

Мурдагы жылы булардын дамбасы жарылып кетип, кум жана таш аралашкан чоң көлөмдөгү ылай суу аккан. Анын кесепетинен Кара-Булак суусунун нугу бурулуп, экологияга, малга зыян келтирилген. Үлүш жерлерди да таш, кум басып калган. Аны депутаттарга да алып барып көрсөткөнбүз. Бирок, чара колдонбой, ошол бойдон калды. Биздин айыл өкмөтүбүздүн башчысы Урматбек Отунчиев «ал жер Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн жери. Ошол жерге айтпайсыңарбы?» деген», - деди ал.

Индусбек Карыбеков алтын казып иштетип жаткандардын жумушу былтыр 2018-жылы токтогонун, бирок быйыл июндан баштап кайра иштеп жатканын билдирди.

«2017-жылы алтын казып иштеткен аймактагы суудан суу ичкен малдар өлүп, бир топ чыгымдар болду. Былтыр иштебей калганынан «болду иштебейт, токтоп калган экен» деп ойлодук. Бирок быйыл июнь айынын башынан тартып иштеп баштады. Экологияга, мал-мүлккө зыяны тийип жатат. Быйыл өлгөн майда малдын саны болжол менен 40-50гө жетсе, бодо малдын саны онго жетти. Анын ичинде бирөөнүн 20 миң долларлык айгыры да бар. Мисалы, мурдагы жылы менин 2 уюм, быйыл 3 уюм өлдү.

Булар 18-июнда сууга тиешеси жок 10-15 чакты адамдарды чакырып алып, чогулуш кылып жатышыптыр. Жыйналышка катышкан ал адамдардын эч нерседен кабары жок. Аларга «Элко Сервис» компаниясынын өкүлү 1,5 млн сомдук социалдык пакет сунуштап жатыптыр. Мен кирип барсам эле сүйлөй албай, чогулуш бүттү деп туруп кетишти. Мен нааразычылыгымды айтып, «бул жерге эч кабары жана тиешеси жок балдарды чогултуп алыптырсыңар. Элдин баарын чогултпайсыңарбы. Жайыт талкаланып, суу булганып жатат. Адамдын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келүүдө, токтоткула» дедим. Анда айыл өкмөтүнүн башчысы «мыйзам боюнча 2 кишиден ашса чогулуш боло берет» деди.

Бүгүнкү күнгө чейин официалдуу уруксаты жана элдин макулдугу жок алтын иштетилип жатат», - деди ал.

Индусбек Карыбеков: «23-июнда жергиликтүү кеңештин 1-2 депутатын ээрчитип алып бардым. Алар өз көздөрү менен көрүштү. Бул аймакта 10 түтүн бар экен. 6-7 адамдын гана үйүнө бардык. Себеби, калган жерге унаа бара албайт экен.

«Элко Сервис» компаниясынын жумушчулары гигиенаны сактабастан, Кара-Булак суусуна заара ушата беришет экен. Муну ошол жерде боз үйдө жашаган 2-3 бала айтышты. Ал эми төмөн жакта жашаган жайлоодогулар суудан жийиркенип, ичишпейт экен. Мындан улам 4-5 чакырым алыстыктагы жерден, ар кайсы жардын боорунан агып чыккан саздын сууларын ташып ичишет экен», - деп кошумчалады.

Кайсар айылынын тургуну Уланбек Шамыркулов мал багып келет. Ал Кайсар участогундагы жеринен чөп чаап, малына тоют камдап алчу. Бирок 2017-жылы жерин кум, таш талкалап, учурда бул аянтта чөп чыкпай калган.

«Кайсар участогунда табигый чөп чабындыбыз бар эле. Ошону чаап, мал бакчубуз. 2017-жылы Кара–Булак суусунун башында алтын казган компаниянын дамбасы жарылып кеткен. Анын кесепетинен чөп чабынды жерди кум, таш каптап кеткен. Айыл өкмөтүнүн башчысына кайрылганбыз. Эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул чыгымды ким төлөп берет? Кимге кайрылабыз? Мына чөп чыкпай, тоютсуз калдым», - деди ал.

Аймактык кабарчыга тургундар алтын чайкалган сууну ичип өлгөн делген малдын ээлеринин тизмесин дагы беришкен. Алар:

- И.Карыбеков 2016-жылы 2 уй, 2019-жылы 3 уй;
- Б.Маматкумаров 1 айгыр;
- Б.Исаков 2 кой;
- О.Чортонбаев 2 бука, 4 кой;
- Б.Эсенгулов 16 кой;
- Д.Кожоналиев 1 бээ, 15 кой;
- Т.Кушубакова 4 кой;
- Б.Кадыралиев 15 кой.

Дамба жарылганда келтирилген зыяндар:

- Т.Кушубакованын 2 гектар аянты;
- У.Сарыбагышевдин 4,2 айдоо аянты;
- А.Шамыркуловдун 2 гектар аянты;
- И.Карыбековдун 1 даана бастырмасы талкаланган.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урматбек Отунчиев бул маселе боюнча мындай оюн билдирди.

«Туура, 2016-жылы алтын казышкан. Алтын казуудан дамба жарылып кеткен. Бул боюнча биз Мамэкотехинспекциясына кат менен кайрылганбыз. Алар «Элко Сервис» компаниясына айып салышкан.

Бүгүнкү күндө Кара-Булак жайлоосу Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнө карайт. Индусбек Карыбеков коктунун ичине бастырма салып алган. Ал киши ошол жерде турист тосуп алектенет. Эми алтын чайкаганда алгач эле суу булганат. Суу булганганда туристтер келбей калат. Ошондон улам Индусбек байке каршы болуп жатат. Дагы айта кетчү нерсе, бул жерде соодалашуу да болуп жатат. Айрымдары эгерде компания 3 млн сом берсе, алтын иштете беришсин деп жатышат. Анда экологияны сөз кылып эмне кереги бар? Ошондуктан бир чечимге келиш керек.

Ал эми өлгөн мал-жандыктар боюнча тийиштүү жерлерге кайрылыш керек. Алар эмнеден улам өлгөнүн аныктап, андан кийин айтыш керек. Мал болгондон кийин өлөт да. Баарын эле алтынга байлай берген болбойт. Өткөн жумада биз суу жээктеп, эсептеп чыктык. 27 кой, 3 жылкы өлдү деген факт катталган болчу. Биз ошол өлгөн малдын ээлерине барып, эмнеден улам өлгөнүн аныктайлы десек, «бир жума мурун өлгөн, ичеги-карынын ыргытып жибердик, итке салып бердик» деп бербей коюшту.

Эми 20 миң долларлык айгыр өлдү дегенге жооп берейин. Аны сырттан алып келишиптир. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасынын жылкысы экен. Бирок, ал эмнеден өлгөнүн айта албайм. Эми сырттан келген таза кандуу жылкылар Суусамырдын абасын көтөрө албай өлүп калышы мүмкүн.

Индусбек байке 10 күн мурда «сууну өзүм алып барып текшертем. Силер таза деп коёт экенсиңер» деп көтөрүп кеткен. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ошол анализ менен тааныштыра элек. Эгерде суунун сапаты чындап кир болсо, дароо эле көрсөтмөк. Биз 27 мал-жандык өлдү деген факт катталгандан кийин, Мамэкотехинспекциясына кайрылганбыз. «Эл нааразы, мал өлүп, экология булганып жатат» деп билдиргенбиз. Бирок, Кара-Булак участогу Панфилов районуна караштуу болгондуктан «Элко Сервис» компаниясы алтын казуу иштерин жүргүзүп жатат», - деди ал.

Айыл өкмөт башчысы атайын комиссия түзүлгөнүн, лабораторияга сууну текшерүүгө алып кетишкенин билдирди.

«Эгерде, суунун курамында чын эле химиялык зат болсо, анда Мамэкотехинспекциясы компаниянын ишин токтотот. Ал эми жумушчулар заара ушатышат дегенди мен көрбөй туруп айта албайм.

Бул компания менен 2015-2016-жылдары иштешип, бизге эки жолу 1,5 млн сомдон компенсация төлөп берген. Ал акчанын 2 млн 400 миң сомуна фронталдык погрузчик, 600 миң сомуна жүк ташуучу унаа сатып алганбыз», - деди ал.

Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эмир Аманкулов Кара-Булак участкасы аталган айыл өкмөткө караштуу экендигин билдирди.

«Буга чейин бул компания Суусамыр айыл өкмөтү менен иштешип, алар 1,5 млн сомдук социалдык пакетин алып келишкен. Бул жер бизге караштуу экенин былтыр эле билдик. Жер биздики болуп такталгандан кийин «Элко Сервис» компаниясы бизге байланышка чыкты. «Бул жер силердин жер экен. Биз буга чейин Суусамыр менен иштешип келгенбиз. Кандай кылабыз?» дешти. Мен «силер иштейм десеңер, биринчи элди чогултайын. Алар менен кеңешейин» дедим да жыйын өткөрдүм. Ошол жыйынга компаниянын өкүлдөрү келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Эл 100% колдоп, жыйындын протоколу айылдык кеңештин сессиясына түштү. Ал сессияда депутаттар токтом чыгарып берди. Иштөө процесси башталганда ортодо акча каражаты жок токтоп калды. Быйыл июнь айынан тартып иштеп башташты. Ошондо «келишимдин негизинде рекультивация кылгыла» деп айттым.

Булар дамбаларды курган учурда бир аз ылай суу агат экен. Ошого Суусамыр эли нааразы. Бүгүнкү күндө ал компания Вознесеновка айыл өкмөтүнө салыгын, соцфондго каражат, андан тышкары социалдык пакетин төлөп берип, жумуш орундарын түзүштү. Биз акча жагын гана карабастан экологияга көңүл буруп, «экологияга терс таасирин тийгизбейби?» деген кепилдик документтерин сурадык. Алар бизге эксперттин документин көрсөтүштү. Ал эле эмес тиешелүү органдардын кепилдик документтерин беришти. Биз ушунун баарын карап, келишим түзүп, жаңыдан иштешип баштаганбыз. Азыркы учурда 2-3 дамбасы бар. Дагы дамбаларды курабыз деп турушат. Жогоруда айткандай ылай суудан улам элдер толкуп жатат. Болбосо бул жердин Суусамырга тиешеси жок.

Мал өлдү деп да жатышат. Бирок аны далилдеш керек. Чынында ошол суудан мал өлсө, анда компания дагы жоопкерчиликке тартылат. «Элко Сервис» компаниясынын директору «эгер мал суудан өлгөнү далилденсе, анда малдын ордун тургузуп беребиз» деген.

Мен ошол компанияны же өзүмдүн айылымды эмес, биринчиден Суусамыр элин ойлоп жатам. Малы өлүп, экологияга зыяны тийбесин деп Мамэкотехинспекцияга , «Элко Сервис» компаниясына катуу шарт койдум. Эгерде экологияга, адамдардын өмүрүнө, жан-жаныбарларга, мал-жандыктарга зыян келтирилсе, анда компаниянын ишин токтотуп коймокпуз. Себеби, элдин өмүрү биринчи орунда турат. Экинчиден Вознесеновка айыл өкмөтү дотацияда отурат. Бизге зыянын тийгизбеген инвесторлор менен иштешип, жолдорубузду оңдотуп, жетим-жесирлерге жардам берип, бала бакчаларды куруп, айылдарды өнүктүрүшүбүз керек.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы бул тууралуу элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз алдынча чечишип алышы керек», - деди ал.

Панфилов районунун акими Мелис Раимкулов: «Кара-Булак бизге караштуу жер. Былтыр ал жерде алтын чайкалган эмес. Быйыл компания Вознесеновка айыл өкмөтү менен келишим түзүп, иштешип баштаган. Суусамыр эли ошол алтын чайкалган суудан малдарыбыз өлүп жатат деп ызы-чуу болуп жатышат. Болбосо ал жерге суу деле барбайт. Буга чейин бул компания Суусамыр айыл өкмөтү менен иштешип, 1,5 млн сом компенсация төлөп беришкен.

Негизи бул компания 2000-жылдан бери эле иштейт. Бирок ортодон токтоп, ошону менен 2015-жылы иштеп баштаган. Былтыр компания Вознесеновка айыл өкмөтүнө келип, жыйын өткөрүп, социалдык пакетин жана башкасын сүйлөшүшкөн. Эми Суусамырда кээ бирөөлөр 1,5 млн сом, айрымдары 3 млн сом социалдык пакет төлөп берсин деп талап кылып жатышыптыр», - деди.

«Элко Сервис» компаниясынын директору Аскар Жороев элдин айткандары туура эмес экендигин билдирип, буларга токтолду.

«Компания качан ачылганы боюнча так билбейм. Мен бул компанияга 2015-жылы келгем. 2015-2016-жылдары иштеп, 2017-2018-жылдары иштеген жок. Быйыл иштеп баштады.

Бул жерде эч кандай химиялык заттар жок. Эгерде экологияга зыяны тийсе, жаратылышты коргоо органдары, көзөмөлдөөчү органдар иштетпей токтотуп коймок. Экологияга терс таасирин тийгизе турган химиялык заттын баасы өтө кымбат турат.

Биздин компания экологияга эч кандай зыянын тийгизбейт. Биз 2015-2016-жылдары «келгиле малыңарды лабораторияга, ветеринардык текшерүүгө бергиле» дегенбиз. Эгер ошол суунун курамынан химиялык заттар чыгып, анын кесепетинен малдар өлүп жатса, анда биз иштебейбиз. Бул жерде мал оорудан эле өлүп жатат.

Жыл сайын сууну лабораторияга алып барып, анализ чыгарып турабыз. Суунун себебинен мал өлдү деген факт жок.

2015-жылы Суусамыр айыл өкмөтү менен келишим түзүп, аларга 1,5 млн сом компенсация төлөп бергенбиз. Андан тышкары кудук, каналдарды казып, мектептерди оңдоого жардам бердик. Азыркы учурда Вознесеновка айыл өкмөтү менен келишим түздүк. Аларга 1,5 млн сом социалдык пакет төлөп беребиз», - деди ал.

Ошондой эле, Аскар Жороев компаниянын ишине туристтер менен иштешкен ишкерлер тоскоол болуп жатканын кошумчалады.

«Мамлекет лицензия берет. Эгер кемчиликтер болсо кайра алып коёт.

Бул жерде бизнес кылган кишилер эле тоскоол болуп жатат. Себеби, алар боз үйлөрдү тигип, туристтерди тосушат экен. Ошого биз тоскоол болуп жатыптырбыз. Болбосо экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×