Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусу, Баткен 17.07.2019 11:37 На русском

«Аткылап жатып токтотушту»: Унаасынын капотуна жармашкан инспекторду бакырткан бойдон качкан жигит. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен райондук соту бийлик өкүлүнүн өмүрүнө кооптуулук жараткан жигиттин ишин карап, тиешелүү чечим чыгарды.

Айыпталуучу ким?

22 жаштагы Афтандил (аты өзгөртүлдү, Т. уулу А.) Баткен районунун Баткен айылында туулган. Билими орто, учурда бойдок. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон. Ага Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүмү (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча айып тагылган. 2019-жылдын 20-апрелинен бери камакта.

Афтандил эмне кылган?

2019-жылдын 18-апрелинде саат 23:30 чамасында Баткен ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Арлен (аты өзгөртүлдү, А. уулу А.) Баткен шаарындагы көчөдө кызматтык милдетин аткарып жаткан. Ошол учурда Афтандил«ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасына бир кызды салып алып, жол чырактын кызыл түсү күйүп турганына карабай, жол эрежелерин одоно бузуп айдап жөнөгөн. Инспектор Арлен ага таягы менен токто деген белги берген. Бирок айдоочу унааны токтотпой, катуу ылдамдыкта айдап качып кеткен. Арлен аны «ДЭУ Нексия» унаасы менен кубалап жөнөгөн. Ал качкан айдоочунун артынан түшүп, бир нече көчөдөн кийин жетип барып, жол четине токтоткон. Арлен окуяны териштирүү үчүн өз унаасынан түшүп, Афтандилдин унаасына басып барган. Ошол учурда айдоочу унаасын от алдырып, инспектор анын капотуна жатып калган. Бирок Афтандил ага карабай унаасын айдап кете берген. Ал инспекторду унаасынын капотуна жармаштырган бойдон бир нече көчөдөн өтүп, Баткен шаарынын Туура-Таш аймагындагы ээн талаага чейин жеткен. Арлен ошол жерден унаадан ыргып түшүп калган. Бирок Афтандил унаасын токтотпостон айдап, белгисиз тарапка качып кеткен. Арлен жеңил жаракат алган.

Буга байланыштуу «Курчоо» операциясы жарыяланып, айыпталуучу Афтандилди Баткен районундагы Чек айылына кире бериш жерден кармашкан. Ал унаасын капоту ачылып, алдыңкы терезесин жаап калса да айдап кете берген. Аны кармоо үчүн эскертүү максатында асманга ок да атылып, андан кийин унаанын алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрүнө ок атышкан. Афтандил ошол жерден кармалган. Ал 19-апрелде камакка алынган.

Айтыпталуучу өзү эмне дейт?

Соттук отурумда айыпкер Афтандил кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал 19-апрелде саат 21:30 чамасында Баткен шаарынан Бегимай деген кызга телефон чалган. Ал тумоолоп ооруп жатканын айткандыктан ага дарыканадан дары алып, жеткирип бермек болгон. Ал биринчи кыздын үйүнө барып, аны унаасына отургузуп дарыканага жөнөшкөн. Бирок жанында айдоочулук күбөлүгү жана паспорту жок болчу. Баткен шаарынын И.Р. көчөсүндөгү дүкөнгө кирип, суусундук, печенье алган. Андан соң И.Р. көчөсү менен Турдуматов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жол чырактын жашыл түсү күйгөн. Жашыл түс күйүп калган учурда Турмаматов көчөсүндөгү маданият үйүнүн алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкери анын унаасын токтоткон. Ошол учурда жанында документтери жок болгондуктан анын талаптарына баш ийбей качып кеткен. Инспектор артынан кууп жөнөгөн. Андан качып, жашынып калуу максатында унааны болжол менен саатына 60-70 км ылдамдыкта айдаган. Бирок Кыргызстан көчөсүнөн инспектор кубалап жетип, жол четине токтогон. Арлен анын унаасына басып келе жаткан учурда унаасын артты көздөй айдоого аракет кылган. Бирок инспектор анын унаасынын капотуна жармашып алган. Унаасын токтотпой айдап кете берген. Арлен ага «унааңды токтот» деп кыйкырган. Ошол учурда жолдогу башка унаалардын айдоочулары аларды көрүп, артынан кууп жетип, унааны токтот деп белги беришкен. Бирок ага карабай айдап кете берген.

Жолдон Арлен «унааны токтот» деп кыйкырган. Ал токтоткон учурда Арлен капоттон түшпөй койгон. Ошондуктан кайра унаасын айдап кете берген. Баткен шаарынын Туура-Таш аймагына жеткенде капоттогу Арлен «токтот» деп кыйкыра бергенинен токтогон. Инспектор ошол учурда түшүп калып, өзү унаасы менен качып кеткен. Бирок Арлен унаанын алдыңкы номурун жулуп алганга жетишкен.

Ал качып бара жатканда башка инспекторлор аны токтотууга аракет кылган. Артынан инспекторлордун биринин унаасы сүзүп, дагы бир унаа алдына чыгып жолун торогон. Ошол учурда алдынан торогон унаадагы инспектор анын унаасынын эшигин ачууга аракет кылган. Бирок анда дагы унаасын айдап качып кеткен. Баткен районунун Чек айылына барган учурда кубалаган инспекторлор анын унаасынын дөңгөлөктөрүнө ок атып токтотуп, колго түшүрүшкөн.

Инспектор Арлен эмне дейт?

Арлен сотто окуя 18-апрель күнү саат 23:30 чамасында башталганын айтты. Көчөдөн жол чырактан кызыл түскө карабай өткөн «ДЭУ Тикону» токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу талапка баш ийген эмес. Айдоочу мас абалда болсо башкаларга кооптуулук жаратпасын деп артынан кууп жөнөгөн. Бир нече көчөдөн кийин унааны кууп жетип, жол четине токтоттурган. Бирок айдоочуга басып бара жаткан учурда ал унаасы менен сүзүп жиберген. Ошол учурда Афтандилдин унаасынын капотуна кулап калган. Бирок айыпталуучу унааны катуу айдап жөнөгөндүктөн жерге түшүп калууга мүмкүн болгон эмес. Унаадагы кыз унаанын эшиктерин кулпулаган баскычтарды басып, айдоочуга жардам көрсөтүп турган.

Капотко жармашып бара жатканда жолдон «Тойота Ипсум» унаасын токтотуп турган айдоочуну көрүп калып, ага «102 ге чалып айтыңыз» деп бакырганга жетишкен. Афтандил унааны Туура-Таш аймагындагы ээн талаага айдап барган. Жолдун абалына байланыштуу унаа катуу жүрө албай жайлап калганда капоттон секирип түшүп калган. Башка инспекторлорго окуя тууралуу «Тойота Ипсумдун» айдоочусу маалымат берген.

Окуя боюнча айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн билдирүү менен кайрылган.

Соттун өкүмү

Баткен шаардык соту иштин материалдарын карап чыгып, Афтандилди күнөөлүү деп тапты. Аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бирок сот ага карата 1 жылдык пробациялык жаза берди.

Пробация — бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын түзөөгө, алардын укук бузууларды жасоосун алдын алууга, социалдык көмөк көрсөтүүгө жана кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга ыктыярдуу катышуусуна мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чаралардын комплексин колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институт;

Пробациялык көзөмөл — сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана жүрүм-турумуна көзөмөл боюнча пробациялык көзөмөлдө турган адамга карата аны оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле кайрадан укук бузууга барышын алдын алуу максатында жеке иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин колдонуу боюнча пробация органынын иши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×