Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 16.07.2019 21:00 На русском

«Рулда» рейди: Ошто жарым жылда жол кырсыгынан 52 адам каза болгон

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Рулда» аталышындагы рейд ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 10-11-июль күндөрү Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан «Рулда» аталышындагы рейд өткөрүлүп, жол эрежеси бузулган 416 факт катталган. Алардын ичинен спирт ичимдигин ичип алып унаа айдаган 4, айдоочулук күбөлүгү жана тиешелүү документи жок унаа башкарган 6 айдоочу аныкталып, 10 автоунаа унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Ош ОИИБдин ЖКККБнын жетекчиси Айжигит Зикировдун айтымында, аталган рейд облустун бардык райондорунда жүргүзүлгөн.

«Башка райондорго салыштырмалуу Кара-Суу районунда унаа кырсыгы көбүрөөк катталгандыктан, аталган районго өзгөчө көңүл бурулду. Кара-Суу районунда жол белгилери жана жөө жүргүнчүлөр өтө турган сызыктар болгонуна карабастан, айдоочулар жол кыймылынын эрежесин бузуп жатышканы аныкталды», - деди ал.

Ош облусунун аймагында соңку 6 айдын ичинде 261 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 52 адам каза болуп, 434 адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Ал эми Кара-Суу районунда 111 жол кырсыгы катталып, 17 адам каза болгон жана 184 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×