Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Талас облусуТалас району 17.07.2019 09:33 На русском

«Мамаң менен сенин...»: Эгизи менен качып бара жатып сууга агып кеткен бала. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылында чоңойгон 37 жаштагы эгиздер Батма Казымбекова менен Үсөн Казымбеков башка бир туугандарынан бири-бирине жакын. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Үсөн мырза: Туулган күнүбүз 28-сентябрь. Бири-бирибизди куттуктап турабыз. Мен телефон чалбасам таарынып калат, кыз киши эмеспи (күлүп). Ушул айылдагы орто мектепти аяктадык. 1989-жылы 1-класска бардык. Мен китепкабыма бир китеп салсам ал бир жума жүрчү. Ошонумду билген Батма күндөлүк менен сабактарымды карап, китеп, дептерлерди тууралап салып турчу эле. Батма бышык, мен жоошураак болчумун. Мектептен иш-чара уюштуруп, активист дагы эле. Батманын бышыктыгынан көчөдөн балдар жөн өтө алышчу эмес. Мени коргоп турчу (күлүп).

Мен аскердик кызматты Улуттук гвардиядан өтөдүм. Менин кызматым бүткөнчө Батма апта сайын бара берчү. Белгиленген күнү келбей калса жол карачумун. Аскерден келип, 2003-жылы 16-майда үйлөндүм. 1 жумадан кийин эле Батма турмушка чыкты. Турмушка узаганда мен жалгыз калам деген кызганыч дагы сезимдер болгон.

Батма айым: Сагынбүбү деген чоң энем эгиздердин улуусу деп мага Батма, эгиздердин кичүүсү деп түгөйүмө Үсөн деген ысым койгон экен. Биз өзүбүз 6 кыз, 2 уулбуз. Мен жетинчиси, Үсөн сегизинчиси. Эң улуусу уул бала. 6 кыздан кийин Үсөн төрөлдү. Чоң энем ырымдап эч кимге айтпай, көрсөтпөй чоңойтуптур. Илгери эркек баланы күтүшчү. Уул болгонуна сүйүнүп, апам инимди гана карап, эмизе берген экен. Мени чоң энем карап, буламык жасап берип, уйдун, эчкинин сүтү менен чоңойткон экен. Чоң энемди көп ээрчип жүрдүм. Атам, апам менен ишим жок болчу. Мен төрөлгөндө апам менен чогуу төрөп жаткан 2 эже дагы эмизген экен. Эмчектештеримдин аты Темир, экинчисинин аты Жанболот. Азыр алар менен катташып турабыз.

Апам менден улуу бешинчи кызын төрөгөндө атам төрөтканага барбай коюптур. Мен төрөлгөндө акушерлерден сураганда кыз десе апамдын кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготуп, өзүнө араң келген экен. Дарыгерлер сооротолу дешип, билбей эле «экинчиси уул экен» деп айтып коюшуптур. Алардын оозуна салгандай уул болуп, түгөйүм Үсөн төрөлгөн экен. Апам ошондо гана атам гүл көтөрүп, тамак алып барганын айтып калчу. Чоң энем ырымчыл киши болуптур. Үйгө бала көргөнү келгендерге мени ороп чыгып кыз деп, кайра артка көтөрүп кетип, Үсөнгө көгала кийимдерди кийгизип, бул уул деп көрсөтүшчү экен. Аны аябай бапестеп чоңойтушкан.

Үсөн кичинесинен эле жоош бала болду. Кыздар менен чоңоюп калгандыктан кыздардай болуп боорукер. Ага тийишкен балдарды мен сабап өч алчумун. Мен көп жетелеп алып ойнотуп жүрдүм. Бала кезде менин шоктугумдан көп нерселерге кабылчубуз. Биздин үйдүн артында МТФ бар болчу. Ошол жакка МТФнын уйлары үчүн чөп жыйылып турар эле. Экөөбүз өзүбүздүн уйларды тосконго барганда ошол чөптүн үстүнө чыгып алып, чачып ойноп калчубуз. Ойноп жатсак кароолчу кууп калды. Мен Үсөндү колунан жетелеп алып качтым. Үсөн коркконунан шашып, «мама» деп кыйкырып чуркап келе жатса кароолчу «мама деп коёт, мамаң менен сенин...» деп урушкан. Ал көпкө чейин айтылып жүрдү. Ошентип катуу чуркайбыз деп суу шар аккан арыктан секиргенде Үсөн сууга түшүп, агып кетти. Үйдөгүлөр менен суудан алып чыкканбыз. Ошондон кийин анчалык шоктук кылбай калганбыз (күлүп).

Бир күнү класста бир бала Үсөндү уруп койгон экен. Ал бала менин алдымдагы партада отурчу. Үсөн мага «Алмаз мени уруп салды» деп шыбырады. Мен жазып жаткан калемсап менен аны башка бир сайдым. Башына калемсап кирип кетип, аябай канады. Эжебиз урушуп, эртеси ал баланын апасы келди. Ал эже мени партадан партага секиртип кубалаган. Ошентип эгизиме далай болуштум. Үсөнгө тийишкен балдарды өчүн алып урмайынча көчөдөн өткөрчү эмесмин.

Үсөн аскердик кызматта 1,5 жыл болду. Аны менен катар мен дагы кызмат өтөдүм десем болот. Жума сайын кем-карчысын көтөрүп алып бара берчүмүн. «Кара-Балтага кетти» десе ал жакка дагы барат элем. Эгиздик сезимди эч ким бөлө албайт экен. 8 бир тууган болсом дагы алтоосу бир башка, Үсөн такыр башка. Үсөнгө көбүрөөк жүрөгүм тартып турат. Сагынам, үнүн уккум келет. Башка бир туугандарыма караганда Үсөнгө башкача сезимим бар.

Ошентип ал үйлөнүп, мен турмушка чыктым. Үсөндүн келинчеги Гүлнара мени эже дейт. Мен турмушка чыкканда келинчегин ээрчитип, мени кууп келди. Дайыма аны жалгыз көрүп жүргөндүктөн кызгандым. «Сен үйлөнүп алдыңбы, эмнеге үйлөнүп алдың?» деп сурап жүрдүм. Кийин апам «сени турмуш курат экен» десек, "мен дагы үйлөнөм, жалгыз жүрө бермек белем" деп болбой келинчек алып келген» деп айтып жүрдү. Үсөн 18-мартта балалуу болду, мен 18-апрелде балалуу болдум. Кызыгы улуу балдарыбыз эгиздей окшош. Менин 4 балам бар болчу. Бирөө 2 айында чарчап калды. Апам болсо 64 жашында каза болуп, көп өтпөй мен төрөдүм. Кош бойлуу кезде кайгы тартканга балам оорукчан болуп калды. Үсөн бат-баттан чалып, ал-акыбалымды сурап турат. Бирибиз оорусак, экинчибиз дагы ооруйбуз.

Мүнөзүбүз азыр деле бала кездегидей. Үсөн ак көңүл, бир аз таарынышып кетсек ал биринчи кечирип сураганды билет. Тең курактуу эмес, инимдей мамиле кылам. Азыр деле келиним даттанып калса, мен эжесиндей болуп урушуп салам. Үсөн каяша кылбайт, кемчилигин кайталабайт. Менде да, Үсөндө да эгиз балдар жок. Бир тууган эжебиздин эгиздери бар. Негизи көп эгиздер эгиз төрөшпөйт экен. Эгиздердин тукумдарынан болот экен.

Үсөн Казымбеков учурда өз айылында дыйканчылык менен алек, 5 баланын атасы. Батма айым Таластын Талды-Булак айылына келин болгон, 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×