Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 16.07.2019 16:45 На русском

Айыл турмушу: Аламүдүндөгү эң жаш төрага Медербек мырзанын спорттогу ийгилиги

Медербек Ырыс уулу
Медербек Ырыс уулу
// Turmush

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы — 28 жаштагы Ырыс уулу Медербек 4-классынан баштап спорт менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спортко 4 жашымдан баштап аралаштым. Алгач футбол ойноп жүрсөм, 4-класстан кийин волейбол, баскетбол, теннис менен машыгып, мелдештерге катышып, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Андан соӊ 6-класстан баштап дзюдо, кыргыз күрөшү менен машыгып, райондук, облустук, республикалык мелдештердин жеӊүүчүсү болдум. Негизи спортко келүүмө атам түрткү болду. Атам Ырыс Султанов, анын агалары, инилери баары спортчулар. Алар футбол жана каратэ менен машыгышкан. Тактап айтканда бала кезден эле спорт жөнүндө түшүнүк бар болчу.

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында уюштуруучулук милдетти аткарсам, 2017-жылы «Манас» оюндарында кыргыз күрөшү боюнча калыс болдум. Учурда кыргыз күрөшү боюнча Чүй облусунун калысымын», - деди ал.

Каарманыбыз алгачкы эмгек жолун Улуттук статистика комитетинен баштаган.

«Ал жерде экономист болуп иштедим. Андан соӊ 1,5 жыл Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясындагы спорт комитетинде иштедим. 2016-жылы Таш-Дөбө айылдык кеңешине депутат болуп шайландым. 1,5 жылдан ашык убакыттан бери айылдык кеңештин депутаты болуп иштеп келе жатам. Кесиптештерим менен бирге айылга бала бакча, мечит, спорттук аянтчаларды, окуу борборун куруу жана акыр-чикир салуучу урналарды орнотуу үчүн инвесторлорду тартып, жакшы иштерди жасап жатабыз. Спортчуларды да дайыма колдоп келебиз», - деди ал.

Медербек мырза 1990-жылы 20-декабрда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагына караштуу Бер-Булак айылында төрөлгөн.

«О.Турсаматов атындагы Бер-Булак орто мектебин аяктап, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 2 жыл окуп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине которулгам. Ал жактан каржы жана насыя адистигин алдым.

Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчисимин. Менден улуу эжем жана эки карындашым бар. Өзүм азырынча бойдокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×