Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Баткен 16.07.2019 15:46 Жаңыланды: 20.07.2019 15:10

Айыл турмушу: Баткендик С.Асанов аары багып, тажикстандыктарга чейин бал сатат (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын 62 жаштагы тургуну Сабыржан Асанов 10 жылдан бери аары багып, бал сатып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, өндүргөн балын тажикстандыктар дагы алып кетет.

«10 жылдан бери балчылык менен алектенип келем. Бүгүнкү күндө 20дан ашык бал челегим бар. Алдыда бал челектердин санын 50гө жеткирүүнү пландап жатам. Жылына 500 литрге чейин бал алабыз. Бир бал челектен 2-3 жолу бал чогултабыз. Баткендин абасы ысык болгондуктан гүлдөр бат эле куурап калат. Бирок күндүн нуруна жакшы өскөн гүлдөрдөн чогултулган балдын дарылык касиети, пайдасы жогору. Кошуна Тажикстандан да жыл сайын бал алып жүргөн кардарларым бар. Алар алып кетишет. Андан сырткары тааныштар аркылуу Баткенге келген арабдар менен сүйлөшүп жатабыз. Оюбуз ишке ашып калса арабдарга да экспорттойбуз. Бир бал челектен бир алганда 20 литрге чейин бал алабыз.

Аары багууну кааласаң анда биринчиден тазалыкты сактоо керек. Анткени аарылар тазалыкты жактырат. Ар кандай илдеттердин алдын алып, эмдөө жүргүзүп туруу зарыл. Канчалык тынч, бал чогултууга ыңгайлуу жер болсо аарылар ошончолук жакшы иштеп, балды жакшы чогултат. Жыл сайын бал челектерди Суу-Башы жайлоосуна алып чыгам. Бизде гүлдөр бат эле куурап калгандыктан эрте эле кыштоого алып келебиз. Акыркы чогулткан балды албайм. Кышы менен ошол балды азыктанып чыгышат», - деди ал.

Балчы 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×