Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 16.07.2019 15:19 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Эксперт маркумдун башына атылган ок тууралуу айтып берди. Видео

Эксперт Расулжон Акунжанов
Эксперт Расулжон Акунжанов
// Turmush

Turmush -  9-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Күндүн экинчи жарымында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу окулду. Ош облустук соттук-медициналык бюросунун техника боюнча эксперти Расулжон Акунжанов А.Мамажакыповдун башына ок кайсы тараптан, кандай аралыкта атылганын айтып берди.

«Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан 20 суроо берилген. Аларга биз төмөндөгүдөй жооп бергенбиз: Экспертизага жалпы 8 сөөктүн бөлүкчөлөрү келсе, анын ичинен жетинчи бөлүкчө таш болуп чыкты. Калган бөлүкчөлөр чын эле баштын сөөктөрү болгон. А.Мамажакыповдун башына ок атуучу куралдан ок чыгарылган. Ок киргенден кийин октун курамындагы газдар баш сөөктү талкалап салышы мүмкүн. Бул физиканын мыйзамдарында да көрсөтүлгөн. Ок кирген жер кичинекей эле тешик болот же октун калибринин диаметринин өлчөмүндөй гана болушу мүмкүн. Ок киргенден кийин газдардын гидродинамикалык кыймылынын натыйжасында сөөктөрдү майдалап коёт. Алынган сүрөттөргө таянсак, ок жогору жактан төмөн карай, оңдон солду көздөй атылган. Ок оң чыкыйга тийген. Мындан сырткары анын (маркум А.Мамажакыповдун) көйнөктөрү дагы жогорку температурада күйгөн. Маркум ок атылган учурда отурган же жаткан абалда болгон», - деди эксперт Р.Акунжанов.

Толугу менен видеодон көрүңүз

Буга чейин Turmush басылмасы Ош гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы Аскар Исмаилов жана Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Бийкелди Акматов суралганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде:

А.Мамажакыповдун өлүмү: Жактоочулар күбөнүн М.Калыковдун үйүнүн короосуна кирип-кирбегенине кызыгышты. Видео

А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео

А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыковдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×