Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 16.07.2019 15:03 На русском

Айыл турмушу: Тынчтыкбек төкмө акындар кантип акча табышарын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургуну Эсенбай уулу Тынчтыкбек «Манас» эпосунан үзүндү жана дастан айтып келет. Анын мындан тышкары акындык өнөрү дагы бар.

«Акындык өнөрдүн сырлары деле жок. Болгону айта турган оюңду уйкаштыктар менен жакшы жеткириш керек. Талантыӊ болсо көп китеп окуу зарыл. Тактап айтканда, талантыӊды курчутуп, бапестеп багып туруш керек. Мен эл алдына чыгарда эмнелерди айтам деп ойлоном. Комузумду өз тонума ылайыкташтырып күүлөп алам.

Ооба, акындарга айлык төлөнбөйт. «Төкмө акындар кантип жан багышат же байгелерди жеӊип алып, ошону менен күн көрөбү?» деген суроону көп беришет. Акындардын баары үй-бүлөсүн багыш үчүн ар ким өз шыгына жараша кошумча иш менен алектенишет. Арасында устасы, унаа оӊдоочу, малчысы да бар. Мен болсо мугалим болуп эмгектенем. Ошондой эле тойлордо эрке бала, ырчылык кызматтарды аткарып келем», - деди ал.

Эсенбай уулу Тынчтыкбек сахнадагы окуясын эч унутпайт. Аны эстеген сайын күлө берет.

«Бизде укмуштуудай эстен кеткис окуялар көп болот. Кайсы бир айтышка тандоо туру болуп жаткан. Мен сахнага чыгып, жакшы эле отургучка отуруп жаткандай болгом. Бир маалда отургуч артка жылып кетип, тоголонуп жыгылдым. Көрүүчүлөр күлүп жиберишти. Ушул окуяны эстесем эле күлө берем.

Акындык өнөр менен көптөгөн кароо-сынактарга катыштык. Төкмө акындык өнөрдөн башка «Манас» эпосунан үзүндү, дастан айтам. Бул боюнча окуу жайлар арасында өткөн кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болгом», - деди ал.

Тынчтыкбек Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылында 1990-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Ата-энемдин тун уулу, үйдүн улуусумун. Менден кийин иним жана эки карындашым бар. Ата-энем карапайым үй-бүлөдөн, алар мал чарбачылык менен алектенишет. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Учурда бир кыз, бир уулга татыктуу тарбия берүүгө аракеттенип жатабыз. Эки дипломдун ээсимин», - деди ал.

Тынчтыкбек Новопавловка №2 гимназия-мектебинде мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×