Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 16.07.2019 13:58 На русском

Оштогу жеке менчик базарда өрт коопсуздугу сакталган эмес (сүрөт)

Ош шаарындагы «Бексултан» базары
Ош шаарындагы «Бексултан» базары

Turmush -  Ош шаарындагы «Бексултан» базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Нурдин Шаматов билдирди.

11-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы жеке менчик соода түйүндөрүн иретке келтирүү боюнча рейд уюштурулган. Анын алкагында базардын ичиндеги, жолдун жээгиндеги тамак-аш сатуучу жайлар дагы текшерилген. Текшерүүгө мэриянын, Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү, өрт өчүргүчтөр, аймактык милициянын кызматкерлери катышкан.

«Жүргүзүлгөн рейдде “Бексултан” базары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганына күбө болдук. Буга чейин да бир канча жолу эскертүү берилген. Тилекке каршы алар жыйынтыксыз болууда. Биз базардын ээлерине жана сатуучуларга эскертүү берүү менен гана чектелебиз. Тартипти Мамэкотехинспекциянын, мэриянын тийиштүү өкүлдөрү көзөмөлдөшү керек. Азыр жөн гана алдын алуу иштерин жүргүздүк. Базардын ичине өрт өчүрүүчү унаа кире алган жок», - деди Нурдин Шаматов.

Аймактык кабарчы рейдге катышып жаткан Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрүнө суроо менен кайрылганда, алар базардагы абал менен тааныш эмес экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми «Бексултан» базарынын жетекчиси Канат Кадыров буга чейин базардагы соодагерлерге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Базардын кире беришиндеги нан, жашылча-жемиш саткан жер мага тиешелүү эмес. Ал жактын коопсуздугуна мен жооптуу эмесмин. Менин билишимче аталган жер эки адамга тиешелүү. Ал жердеги сатуучулар мага бир сом беришпейт. Ошондуктан жердин ээлери тартипке келтирсин», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×