Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 16.07.2019 11:57 На русском

Алайда 2 аскер кызматкери мушташып, биринин жаагы сынды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Алай районунда 2 ефрейтор мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Алай районунда «Сары-Таш—2019» деп аталган атайын биргелешкен тактикалык машыгуу өтүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, келишимдик негизде иштеп жатышкан аскер кызматкерлердин бири экинчисин уруп, жаагын сындырган.

Башкы штабдын Ош шаарындагы бөлүмүнөн окуя ефрейторлордун ортосунда эс алуу учурунда болгонун билдиришти. Мушташ машыгуу учурунда болгон эмес.

Мушташкан ефрейторлор Гүлчө айылындагы аскер бөлүктө эмгектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×