Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Дүйнө 16.07.2019 11:46 Жаңыланды: 16.07.2019 16:46 На русском

«Мекендештер»: Парижге тил билбей барып, карьера жасаган чек арачы К.Жапаров

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 32 жаштагы Канимет Жапаров.

Ал Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында төрөлгөн. Азыркы учурда Францияда машыктыруучу болуп эмгектенет. Анын бул жерде жашап жатканына 7 жылдай болуп калды.

«Мен Кайыңды №3 орто мектебинде билим алдым. Орто мектепти бүткөн соң, Бишкектеги жогорку аскер окуу жайында 4 жыл окудум. Чек арачы деген кесипке ээ болуп, лейтенант деген наам алып чыктым. Андан кийин юрист адистигин сырттан окуп, ошол эле учурда иштеп да жаттым. Окуу жайды бүтөрүм менен жетекчинин орун басары болуп, кыргыз-тажик чек арасына кеттим. Ал жерде 2 жылдай эмгектенип, андан соң 1 жылдай Оштогу чек ара отрядында жетекчилик кызматта иштедим. Ушул жерде эмгектенип жүргөндө окуу жайда чогуу окуган курсташ баламды кезиктирип калдым. Ал досум «Францияда ден соолугу чың, спорт менен машыккан, аскердик билимге ээ чет элдик балдарды жакшы жумушка алат экен» деди. Ошол күндөн тартып ойлонуп, Францияга кетүүнүн жолдорун издеп баштадым.

Алгач: «Кантип өз мекенимди таштап кетип калам? Башка мамлекетке барып кызмат кыламбы?» деп өзүмө өзүм суроо бердим. Андан кийин атам менен кеңештим. Атам «ал жерге барып кызмат кылып, ошол жерден такшалып кел. Андан соң чет элден үйрөнгөнүңдү, билгениңди кайра өз мекениңе келип бөлүшсөң, анда сен жакшы иш кылган болосуң» деди. Ошондон улам кызыгуум артып, көп китептерди окуп, сынактарга даярданып, дайыма изденүүнүн үстүндө жүрдүм. Ошентип Парижге учуп келдим», - деди ал.

Канимет Жапаров Францияга баргандан кийин баарын нөлдөн баштаганын айтат.

«Бул жерге келгенден кийин жашоомду кайра башынан баштоого туура келди. Себеби, тааныган, билген адамым жок болчу. Жада калса тил да билчү эмесмин. Тилди ушул жактан окуп, 9 ай ичинде үйрөндүм. Офицер болуу үчүн да баарын нөлдөн башташ керек болду.

Аскер кызматында иштеп жүрүп, топ башчылыкка чейин көтөрүлдүм. Ортодон Франциядагы кыргыз диаспорасынын башчысы да болуп иштедим. 2016-жылы чечендик сынактан француздар арасында 1-орунду алдым. 6 жыл Парижде эмгектенип, Бириккен Араб Эмираттары жана Африка өлкөлөрүнө барып, ал жерден да жакшы тажрыйбаларды топтоп келдим. 2017-жылдын аягында кайра Парижге келип, дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, ошондой эле ишкер болуп эмгектенип жатам. Мындан тышкары кыргыз диаспорасынын жетекчисимин.

Менин келечектеги максатым — Кыргызстанга билим жагынан салым кошуу», - деди ал.

Канимет Жапаров 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×