Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 16.07.2019 11:10

Таластагы активисттер 3 адам тарабынан зордукталды делген аялды колдоп чыгышты

Turmush -  Жогорку сот Кыргызстандын миңдеген аялдары байкоо салып жатышкан тагдыр чечүүчү чечимди кабыл алып жатат. Бул тууралуу кечээ, 15-июлда Талас-АКИпресстеги маалымат жыйында жарандык активист, укук коргоочу, акыйкатчынын мурдагы өкүлү Арзыкан Момунтаева, «Аялзат» коомдук фондунун жетекчиси Зарина Турумактова, акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн адиси Мураскан Такеевдер билдиришти.

Алардын айтымында, Талас облустук сот аткаруучулары тарабынан сабалып, зордукталган делген Калия аттуу айым 6 жылдан бери сотто өзүнүн кадыр-баркын, ар намысын, укугун, ден соолукка жана жашоого карата укугун коргоп келе жатат. Соттолуучулардын жана алардын жакындары тарабынан аялдын жана анын кичинекей 2 баласынын даректерине карата дайыма коркутуулар болгондуктан, ал Бишкекке кетүүгө мажбур болгон.

«Соттолуучулар жана анын жакындары аны жумушунан жана жашоо каражаттарынын баарынан ажыратуу үчүн колдорунан келген бардык нерселерди жасашты. Балдары мектепте окубай, алар Талас шаарында жашай албай калышы үчүн бардык шарттарды түзүштү. Калия Жогорку сотко Талас облустук жана Талас шаардык сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен өзү кайрылууга мажбур болду. Жабырлануучу мурда Талас облустук жана шаардык сотторунун судьяларынын баарына ишенбестигин билдирип, ишти кароо үчүн башка соттордун бирине которууну суранган. Ал Жогорку сотту Талас облустук сотундагы жана Талас шаардык сотундагы чечимдер Кылмыш-процесстик мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынгандыгына, ага Талас облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамдын алкагында юридикалык баа берилбегендигине көңүл бурууга чакырат. Дагы бир таң калычтуу жагдай – прокуратура Талас облустук жана Талас шаардык сотторунун актоочу өкүмдөрүнө карата өз сунушун жөнөтө элек. Прокуратуранын аракетсиздиги жана акыйкатсыз чечимдер коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда. 2 баланын энесин 6 жыл бою акыйкаттыкка жетишүү үчүн күрөшүүгө мажбур кылышууда.

Демек, ар бир жабыр тарткан аял жана кыз алардын укуктарын коргоого эч ким кызыкдар эместигин, аларды дагы калп маалымат берди деп жеңил эле айыпкер кылып коё тургандыгын түшүнүп жатышат», - деди алар.

Буга чейин Калия айымды Ош облусундагы активисттер, андан кийин Нарын облусундагы активисттер колдоп чыгышкан болчу.

Зордукталды делген Калия айымдын окуясы жөнүндөгү кенен маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×