Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Дүйнө 15.07.2019 17:32

«Мекендештер»: Айлык жакшы, бирок... - Австрияда үй-бүлөсү менен жашаган А.Өмүралиева

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн 38 жаштагы Айдай Өмүралиева жолдошу, уул-кыздары менен чогуу Австриянын Линц шаарында 2006-жылдан бери жашап келет. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«2004-жылы Чехия өлкөсүнө барып, ал жакта 2 жыл жашадык. Андан кийин 2006-жылы жолдошумдун жумушуна байланыштуу Австрияга көчүп келдик. Биз жашап жаткан шаарда мигранттар аз. Ал эми Вена шаарында чет жерден келген студенттер бар. Жолдошум коопсуздук кызматында иштеп, объектилерди кайтарат. Ал бул жактан окуп, ушул тармак боюнча иштеп жатат. Мен баламдын ден соолугуна байланыштуу үйдөмүн. Кесибим инженер-куруучу.

Балыкчы шаарындагы №5 орто мектебинде окуп, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктагам. Уул-кыздарыбыз мектепке, бала бакчага барышат. Кыргыз тилин унутуп калбасын деп үйдөн балдар менен кыргызча сүйлөшөбүз. Сыртка чыкканда англис, немис тилинде сүйлөшөт. Мен орус тилинде жакшы сүйлөчүмүн. Азыр орус тилин унутуп баратам. Чет өлкөдө жүрүп түркчө, немисче үйрөндүм. Балдарым англис тилинде сүйлөшкөндө түшүнөм, бирок жакшы сүйлөй албайм. Чех тилин жакшы билем», - деди ал.

Айдай Өмүралиева Австрия мамлекети жана алар жашаган шаар тууралуу айтып берди.

«Бул жактын элинин бизге болгон мамилеси абдан жакшы. Эч качан улутка бөлүшпөйт. Окуу системасы такыр бөлөкчө. Башталгыч мектеп 1-класстан 4-класска чейин, орто мектеп 5-класстан 8-класска чейин.

Жашоо шарты жакшы. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын шарттар түзүлгөн. Айлык жакшы, бирок азык-түлүк кымбат. Жол акыны бир жылга төлөп коёбуз. Жаштар 18 жаштан баштап ата-энеден өз алдынча бөлүнүшөт.

Кыш жылуу болот, көп кар жаабайт. Жааса дагы тез эле ээрип кетет. Өтө ысык болчу эмес, бирок быйыл ысык болуп жатат. Буга чейин көп болсо 31-32 градуска чейин ысычу. Жаан-чачын көп жаайт жана аба нымдуу», - деди мекендешибиз.

Айдай айым жолдошу менен бирге 2 уул, 2 кызды өстүрүп жатышат.

«Эртеӊ менен балдарымды мектепке, бала бакчага кетирем. Андан кийин түшкү тамакты даярдайм. Айтмакчы тмак жасоо — менин хоббим. Жолдошум түнкүсүн иштегендиктен ал таӊга маал келип уктайт. Ошентип түштө уул-кыздарыбыз келгенде чогуу тамактанып, баарыбыз сейилдөөгө чыгабыз.

Кудайым буйруса Кыргызстанга кийинки жылы барабыз деген жакшы тилектерибиз бар. Келечекте балдарыбызды окутуп, өзүбүздүн тажрыйбаны Кыргызстанга барып бөлүшсөк, өлкөгө салым кошсок дейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×