Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуБаткен району 15.07.2019 17:07

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 15-июлда саат 14:50 чамасында Баткен облусунун аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМдин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Баткен шаарында 2,5 баллга, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 баллга, Бөжөй айылында 4 баллга чейин жеткен. Кадамжай районунун Өтүкчү айылында 4 баллга, Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×