Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.07.2019 11:34

Ноокендеги көлмөдөн эркек кишинин денеси табылды

Ноокенский район
Ноокенский район

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында көлмөнүн суусуна эркек киши чөгүп кетти. Окуя 12-июль күнү Көлмөн тилкесинде болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көлмөгө 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткени тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 15 куткаруучу, туугандарынан 10 адам чыгышкан.

Кечээ, 14-июлда саат 11:35 чамасында куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан табышты. Дене милиция кызматкерлерине берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×