Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.07.2019 10:39

А.Мамажакыповдун өлүмү: Жактоочулар күбөнүн М.Калыковдун үйүнүн короосуна кирип-кирбегенине кызыгышты. Видео

Аскар Исмаилов
Аскар Исмаилов

Turmush -  9-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Сот отурумунун жүрүшүндө Ош гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы Аскар Исмаилов суралды. Ал маркум А.Мамажакыповду издөө иштерине катышкандардын бири болгон. Буга чейин ал Баткен облустук прокуратурасында иштеп кеткен.

Аскар Исмаилов: - 2018-жылдын 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен облусунун прокурорунун ошол кездеги орун басары Арсланбек Байболсунов телефон чалды. «Тез арада үйгө келип кал» деди. Мен унаам менен барганча дагы 5-10 мүнөт өттү. Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсүндө турган экен (Арсланбек Байболсунов). Ошол жерге бардым. Ал мени көчөдө күтүп туруптур. Унаама отурду. Анан «Баткен райондук ички иштер бөлүмү жайгашкан көчөгө айда» деди. Ал жакка барсак, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков, Анарбай Кубатидиновичтин (А.Мамажакыпов) уулу Ибрагим туруптур. Ал жерде ак түстөгү «Лексус» унаасы дагы турган экен. Болжол менен 1-2 мүнөт өткөндөн кийин Баткен ШИИБдин кызматкерлери келди. Алар болжол менен төрт-бешөө болчу. Алар менен чогуу Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Ашыралиев түштү. Менин түшүнгөнүм боюнча, ага телефон чалышыптыр. Түшүп «ким телефон чалды?» деп сурады. Ал жерден укканым боюнча, Анарбай Кубатидинович үйүнө барбаптыр. Аны издеп жатышыптыр. Анарбай Кубатидиновичтин уулу Ибрагим менен А.Байболсунов унаага отуруп, облустук администрацияны көздөй айдадым. Ал жерге бөлүм башчы Бийкелди Акматов келди. «Кайсы жерден издеп көрөлү, кайсы жакта болушу мүмкүн?» деген суроо жаралды. Менин билишимче, ошол күнү облустук прокуратуранын жетекчилери ууга барышыптыр. Облустук прокуратурада Азамат Калыков аттуу кызматкер бар. Мелис Калыковдун тууганы болгондуктан ага телефон чалдым. Чалсам, алган жок. Дагы бир жолу чалып көрсөм, келинчеги алды. Келинчегине өзүмдү тааныштырып «Азамат байке керек эле, телефонго уруксатпы?» десем, «өзүнүн унаасы менен досу экөө борборду көздөй чыгып кетишти» деди. Бизге аябай керек болуп жатты эле деп түшүндүрдүм. Бирок эмнеге керек болуп жатканын айткан жокмун. Кантим байланышсак болот десем «дүкөнгө эле кеткен, 5-10 мүнөттө келип калат» деди. «Эже, Азамат байкеге жолугушум керек, үйүңөргө кантип барса болот?» деп сурадым. Ал түшүндүрүп берди. Анан А.Калыковдун үйүнө бардык, келе элек экен. Үйүндө коноктор бар экен, 5-6 унаа туруптур. «Анын жанында бирөө болсо, ошону менен байланыштырып бериңизчи» десем (А.Калыковдун жубайына), бирөө менен байланышты. Телефонду Азамат байке алды. Мен телефонду Арсланбек Байболсуновго бердим. Ал сүйлөштү. Азамат байке ошол жерден жылбай тургула деди.

Анан унаа менен Мелис Калыковдун үйүнүн жанына барып токтодум. Азамат Калыковдун, Бийкелди Акматовдун, милиция кызматкерлеринин унаалары туруптур. Мели Калыков чыкты. А.Байболсунов «А.Мамажакыпов кайда?» деп сурады. Мелис Калыковду алып кетебиз деп жатышкан. «Лексус» турган көчө анча деле алыс эмес экен.

Turmush басылмасы 9-июль күнү сот отурумунун жүрүшүндө Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Бийкелди Акматов суралганын жазган.

Маалымат толугу менен бул шилтемеде.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×