Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 13.07.2019 14:11 На русском

Айыл турмушу: Чүйлүк Владимир африка сомдорун багып жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун тургуну Владимир мырза африка сомдору деп аталган балыктарды багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балык чарбаларды туура иштетсе бүт Кыргызстанды арзан балык менен камсыздаса болот.

«Мен көп семинарларда африка сомдорун багуу жөнүндө маалымат уккам. Буларды Түштүк-Чыгыш Азияда, Кытайда активдүү багып жатышат. Африка сому 1 жылда чоңоюп, 800 гр салмак кошот. Ал суу ичинде да жана суунун үстүнө чыгып да дем алат. Бул сапаты анын суу аз мезгилде да жашай берүүсүнө жардам берет. Бул балыктар бардыгын — чегирткелерден тарта бака, майда балыктарга чейин жей берет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле африка сому башка балыктардын уруктарын, жемдерин жеп көп зыян келтирген майда балыктарды жеп, көлмөлөрдү тазалай тургандыгын белгиледи. Бирок чоң балыктарды жей албайт.

«Кийинки жылдан тарта кооз балыктарды багууну пландап жатабыз. Алар кафе, кеңсе жана көлмөлөрдүн кооздугу үчүн багылат. Алардын эти да даамдуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×