Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.07.2019 18:11

Айыл турмушу: С.Карымшакова апаларынын жолун жолдоп, 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын 58 жаштагы тургуну Сыйнакүл Карымшакова 15 жылдан бери сайма саюу жана кийиз жасоо иштери менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, Талас районуна караштуу Кум-Арык айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча музыка сабагынан мугалим.

«Эски, нукура буюмдарды унутта калтырбоо максатында 15 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Чоң кайын энем жана өзүмдүн апам боз үй көтөргөн, ала кийиз, шырдак жасаган колунан көөрү төгүлгөн чеберлер эле. Алардын өнөрлөрүн улап дагы калдым десем болот. Башка аймактарда шырдактарды түрлөп көп жасашат. Бирок аларда соода-сатык өөрчүп кеткендей. Мисалы, жөнөкөй ыскыт баскандагы жибин нукура жүндөн ийрип алып даярдап тигем. Кытайдын жибин такыр колдонбойм. Колдун эмгегин баалайм. Оймолорунда дагы өзгөчөлүктөрү бар. Илгерки апалардын чийген оймо, формалары сакталып калган. Аз, бирок маанилүү жана орундуу десем болот. Кол өнөрчүлүк менен үй-бүлөгө киреше таап коё берем, бирок акчага кызыкпайм. Буюмдарым бала бакчада бар, көргөзмөлөрдө алдыңкы орундарды алып жүрөт. Жаштарга үйрөтүп келем. Буйрутма менен паннолорду жасайм. Кол өнөрчүлүгүмө мектеп, бала бакчадан буйрутмалар көп болот. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын панно жасагам. Анда Данияр менен Жамийланын образын чагылдыргам. Паннолор 50 см болуп, 1500 сомго сатылат. Кийизден сувенирлерди жасайм. Курак менен алектенип, каттама, каркыра түрлөрүн тигем. Керме туш кийиздер жок болуп бара жатат. Мен ошолордун бөлүктөрүн алып, жээктерин жээктеп кооздукка келтирем.

Бир мезгилдерде кол өнөрчүлүк каралбай калган. Азыр кудай жалгап колго алынып калды. Талды-Булак аймагында эски буюмдар, кайын энелерибизден калган боз үйлөр көп. Андайды кийинки жаштарга жасалуу ыкмалары менен бирге өткөрүп беришибиз керек», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле айылдагы «Шайыр апалар» тобунда мүчө экендигин айтты.

«Мен музыка ышкыбозу болгондуктан исскуствого аябай жакынмын. Бишкекте М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын скрипка бөлүмүн бүткөм. Талды-Булак айылына келин болуп, мектепте эмгектендим. Сүрөт тартып, колум жөндөмдүү болгонум үчүн жумушка кирип, өзүм тартып, өзүм жасап, көргөзмө куралдарды даярдап, куурчак театрын да дагы түзгөм. Айылдын шартында скрипка анчейин белгилүү болбогондуктан комузга өткөм. Комузду агайлардын үйрөнүп алып, ийрим ачып, көптөгөн окуучуларды тарбияладым. Айрым окуучуларым Самара Токтакунова айымдын колунан сабак алып улантып, кийин ыраазычылыктарын билдиришкен.

Айылда «Шайыр апалар» тобунда мүчөмүн. Коомдук иштерге катышабыз. Топтогу апалардын дагы ар биринин колунда иштери бар, кылган иштери так», - деди ал.

Чебер айым 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×