Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 12.07.2019 17:41

Ошто 5 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Turmush -  Бүгүн, 12-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы жапайы кара куурайларды жок кылуу үчүн «Желе» операциясынын 1-этабын жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Таабалдиев билдирди.

Аталган операция милиция кызматкерлеринен сырткары Жапалак айыл аймагынын башчысынын орун басары Каныбек Мамыров баш болгон 10 айылдын ѳкүлдѳрү жана жергиликтүү тургундардын, ошондой эле комиссиянын катышуусунда өткөрүлдү. Жалпысынан 5 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Азыркы кезде Ош шаарында жана шаар менен чектеш айыл аймактарда кара куурайды жок кылуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×