Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.07.2019 16:48

Ак-Сууда Түргөн суусунун жээги бекемделип жатат

Turmush -  Ак-Суу районунда жайгашкан Түргөн суусунун жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Талапкер Жакупов билдирди.

Анын айтымында, Түргөн суусунун жээгин бекемдөө иши ӨКМ тарабынан аткарылат.

«Түргөн дарыясы июль-август айларында кирип, ташкындайт. 2016-жылы суу ташкындап, Ак-Булак айылынын бир көчөсүн каптаган. Мындай кырсыктын алдын алуу үчүн жылда бекемдөө иштери жүргүзүлүп турат. 800 метр жээкти ӨКМдин кызматкерлери бекемдеп жатат», - дейт Т.Жакупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×