Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 12.07.2019 15:50

Баткендин Рават айылында сугат суу маселесин чечүү үчүн 60 млн сомго суу сактагыч куруу керек

Turmush -  Кечээ, 11-июлда Баткен облусунун жетекчилиги Баткен районунун Рават айылында жумушчу сапары менен болду.

Маалым болгондой, анда айылдын сугат суу маселесин чечүү боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды. Айылда акыркы учурда адамдардын саны өскөндүгүнө байланыштуу жаңы жерлерди өздөштүрүү муктаждыгы жаралган. Бирок бул үчүн сугат суу жетишсиз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Рават айылынын эли тоо булагынын суусун тосуп, жазга сактоо үчүн суу сактагыч куруу зарыл экендигин билдиришти. Облус жетекчиси Акрам Мадумаров булакты жана суу сактагыч курулуучу жайды көрүп, аны жергиликтүү деңгээлде же элдин күчү менен жасоо кыйын болорун, бул маселеде мамлекеттик колдоо керектигин белгиледи.

Жергиликтүү жетекчилердин айтымында, алар мындан 10 жыл мурда суу сактагыч куруу боюнча атайын долбоор даярдашкан. Курулушка 60 млн сом керектелет.

Рават айылы Баткен районундагы кылкандуу дан эгиндерин өстүрүүгө ыңгайлуу айыл. Эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Айылда 2400 адам (761 кожолук) жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×