Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 12.07.2019 15:13 Жаңыланды: 12.07.2019 17:34

Сузактагы жайлоодо балдар үчүн китепкана ачылып, иштеп жатат. Сүрөт

Turmush -  Сузак районундагы жайлоодо китепкана ачылып, өз ишин баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Үч жылдан бери жайкы каникул учурунда ишмердүүлүгүн баштаган китепкананын негиздөөчүсү Айнура Закированын айтымында, китепкана балдардын убактысын пайдалуу өткөрүү максатында уюшулган.

«Жайлоодогу чакан чатыр жана анын жанында ичи китептерге толгон боз үй — жайлоо китепканасы. Акыркы 3 жылдан бери Калма-Кырчын айылындагы Торгой-Чоку жайлоосуна биздин кызматкерлер боз үй тигип, балдарга арналган жомок китептерди алып, китепкананы иштетип келебиз. Биздин райондо көпчүлүк балдар жайында ата-энеси менен биргеликте жайлоого чыгышат. Алардын убактысын туура өткөрүү максатында ушундай иш-чараларды улантып жатабыз. Биздин китепканачылар балдарга боз үйдө жомок окуп берип, кызыктуу китептерди 3-4 күнгө үйүнө окуп келүүгө да берет», - деди А.Закирова.

Мындан сырткары, ал жакынкы күндөрү райондук китепкананын кызматкерлери менен чогуу райондун аймагындагы лагерлерде эс алып жаткан балдарга «Китеп кербени» акциясын уюштурарын айтты.

Сузак району боюнча жалпы 33 китепкана болсо, анда эмгектенген кызматкерлердин саны 50гө жакын. Ал эми райондук китепканада 240 миңге жакын китептер бар, алардын эң эскиси 1940-жылдарга таандык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×