Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.07.2019 15:43 На русском

Айыл турмушу: Улук медайым Ж.Раимбекова «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» сыйлыгын алды

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 59 жаштагы тургуну Жийдегүл Раимбекова кичинекей кезинде адамдарга ийне сайганды жакшы көрчү. Ал балалык кыялына жетип, «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» наамына татыды. Элеттик медайым менен аймактык кабарчы таанышты.

«Эмнеси экенин билбейм, кичинекей кезимде кыздар менен ойноп жатканда медайым болуп алчумун. Аларга ийне сайганды жактырчумун. Сыналгыдан медицина кызматкерлерин көрүп, суктанып карай берчүмүн. Ошол балалык кыялыма жеттим десем жаӊылышпайм.

Фрунзедеги медициналык училищадан 1977-жылы билим алып чыккам. Эмгек жолум 1979-жылы башталды. Тактап айтканда, ошол жылы Фрунзедеги №4 оорукананын сынактар бөлүмүнө медайым болуп жумушка кирдим. 1981-жылы жолдошум Ишенбекке баш кошуп, башка жерге которулуп кетүүгө туура келди. Ошентип Сокулук районунун хирургия бөлүмүндө иштеп, кийин ушул эле оорукананын балдар кеӊеши бөлүмүндө дагы медайым болуп иштеп жүрүп, үзүрлүү эмгектин арты менен улук медайым болдум. 2001-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган оорукананын гинекология бөлүмүндө улук медайым болуп иштеп келе жатам.

Талыкпай эмгектенүү менен бир топ алкыш, мактоо баракчалары менен сыйландым. 2019-жылдын 4-июль күнү медиктердин майрамында «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисине ээ болдум. Келечекке максаттар көп. Ден соолук болсо элиме ак кызмат кыла бергим келет», - деди ал.

Жийдегүл Раимбекова 1960-жылы 31-январда Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн Кашка-Баш айылында төрөлгөн.

«Атам Айткул Раимбеков Фрунзе шаарында №7 автобустун айдоочусу болуп эмгектенген. Апам Мырзагүл Раимбекова Жал савхозунда иштеген. 7 бир туугандын эӊ улуусумун. 2 эркек, 5 кызбыз.

Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Ишенбек Исагалиев экөөбүз 1 уул, 2 кызды тарбиялап, өстүрүп келебиз. Уулум Мирбек 1982-жылы төрөлгөн, учурда борбор шаарыбыз Бишкекте Башкы тергөө башкармалыгында тергөөчү болсо, кызым Рахат Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясында иштейт. 1988-жылы төрөлгөн Салтанат кызым «Манас» эл аралык аэропортунда бизнес агент болуп эмгектенет. Ушундай билимдүү уул-кыздарды тарбиялап өстүрдүк», - деди медайым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×