Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусу, Сүлүктү 12.07.2019 10:51

Сүлүктүдө башка жакта миграцияда жүргөн адамдардын балдары текшерилди

Turmush -  10-июлда Сүлүктү шаарында балдардын жайкы эс алуу мезгилиндеги коопсуздугун камсыздоо максатында үйлөрдү кыдыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 269 бала аныкталды. Анын ичинен 63 бала ички мигранттардын балдары болсо, 206 бала сырткы мигранттардын балдары экендиги такталды. Ички миграцияда 25 үй-бүлө, сырткы миграцияда 131 үй-бүлө жүргөндүгү аныкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаарда туугандарынын үйүндө жүргөн 35 баланы ата-энесинин убактылуу карамагына өткөрүп берүү жөнүндө атайын буйрук чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×