Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 12.07.2019 10:37

Кызыл-Кыя шаарында коомдук жайларда иштеп жүргөн 14 өспүрүм аныкталды

Turmush -  Кечээ, 11-июлда Кызыл-Кыя шаарында «Өспүрүм-жумушчу» аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүшүп, шаар аймагындагы кафелерди, базарларды, дүкөндөрдү, чайканаларды жана бассейндерди кыдырышты. Алар 14 өспүрүмдүн өз алдынча иштеп жүргөндүгүн аныкташкан.

Социалдык кызматкерлер менен чогуу аныкталган өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү иш кагаздар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейд өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана алардын жайкы эс алуу убагын туура пайдаланууга жол көрсөтүү максатында уюштурулду.

Ошондой эле аз камсыз болуп, каттоодо турган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×