Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.07.2019 09:59

Ысык-Ата РИИБге милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Turmush -  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдама унаасын тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Унааны тапшыруу иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байыш Курманов баштаган райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, РИИБдин өздүк курамы катышты.

ЕККУнун улуттук кеңешчиси, Кыргыз милициясынын көчмө кабылдамаларды колдоо ассоциациясынын координатору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров милициянын калк менен натыйжалуу иштешүүсүн жогорулатууда милициянын көчмө кабылдамасы маанилүү экендигине токтолуп өтүп, бул милициянын гана эмес райондогу башка түзүмдөрдүн да калк менен жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө жеӊилдик берерин айтты. Ошону менен катар эле GPS навигатору менен жабдылгандыгын, ИИМдин ЕККУ аркылуу түзүлгөн мониторинг жүргүзүү борбору унаа туура багытта иш жүргүзүп жаткандыгына онлайн түрдө көзөмөлдүк кыла тургандыгын билдирди.

Коомчулук менен иш алып барууда жеӊил жагдай жаратууга көмөктөшүп, ЕККУ тарабынан мындай унаанын тапшырылышына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байыш Курманов кубанычтуу, район үчүн пайдалуу иш болуп жаткандыгын белгиледи.

«Биздин көп айылдар райондун борборунан алыс жайгашкандыктан көчмө кабылдама бизге абдан керек болчу. Эл убара болуп бул жакка келбей, көчмө кабылдама жерине барып жардам бере турган учурга жеттик. Социалдык кызматтын кызматкерлери, дарыгерлер, паспорт берүү, каттоо кызматтары, милиция кызматкерлери менен чогуу кыдырып, калктын талабын аткарып, көйгөйүн жеӊилдетүүгө жакшы шарт түзүлдү.

Районубузда 67 дачалык бирикме бар. Жашоочулардын каттоодон өтүү, паспорт алуу, балдарына документ алуусуна кыйынчылык жаралып жатат. Эми көчмө кабылдама менен көп маселени чечебиз деген ойдомун. Жеке өзүмдүн жана элдин атынан сиздерге тереӊ ыраазычылык билдирем», - деди ал.

РИИБдин башчысы Эстебек Жумабеков дагы өз кезегинде коомдук көчмө кабылдама милиция менен элдин мамилесин, ишенимин бекемдеп, унутта калып жаткан көп көйгөйлөрдү, маселелерди жеринен чечүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк жарала турганын айтып, өзгөчө алыскы айылдардагы калк менен жеринен иш алып барууда көчмө кабылдаманын ролу чоӊ экендигин билдирди.

Милициянын көчмө кабылдамасынын ишинин графиги райондук администрациянын башчысы, Кант шаарынын мэринин, РИИБдин жетекчисинин макулдугу менен түзүлүп, жергиликтүү аймактык бийлик органдарына таратылат. МККнын иши коомдук болгондуктан, экипаждын курамына милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, жашы жете электер менен иштеген тескөөчүлөр жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери кирет.

Шамшыбек Мамыров белгилеп өткөндөй, буга чейин ИИМдин тутумунда 24 милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барган. Көчмө кабылдамага кайрылуулардын дээрлик 80 пайызынан ашыгы социалдык маселелерге байланышкан. Унаада атайын китепче болуп, ага кайрылган адамдын аты-жөнү, айы, күнү, эмне маселе менен кайрылганы, кабыл алган адамдын аты-жөнү жазылат.

Иш-чаранын алкагында РИИБдин башчысына унаанын документи, ачкычы жана жылдын аягына чейин ЕККУ тарабынан айына 75 литрден бериле турган күйүүчү майдын тастыктоочу кагазы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×