Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуМосква району 12.07.2019 08:41 На русском

Чүйдө 301 гектар жер өрттөнүп, ишкерлер дан эгиндин түшүмүнөн кур калды. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айыл аймагындагы эгин талаада үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда өрт чыккан. Алгачкы маалыматтар боюнча, 200 гектар аянт өрттөнгөнү айтылган. Ал эми акыркы билдирүүдө өрт 301 гектарды каптаганы тастыкталды. Өрттүн чоо-жайын билүү үчүн аймактык кабарчы жабырлануучулар менен жолуккан.

Маалым болгондой, 8-июлда саат 13:40 чамасында Петровка айыл аймагында арпа, буудай өскөн аймакта өрт чыккан. Анын кесепетинен эгини чабылган 80 гектар, ал эми 201 гектар жердеги орула элек арпа, буудай күйүп кеткен.

«8-июль күнү саат 13:45 чамасында талаада иштеп жаткан комбайнчы бизге өрт чыккандыгы жөнүндө телефондон кабар берди. Аны уккан 35 жаштагы жеке ишкер Арсен Мукеев Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына маалымдады. Эки мүнөттөн кийин айыл өкмөт тарабынан өрт коопсуздук кызматына кабарланганын айтты. Арсен, Самит үчөөбүз өрт чыккан талаанын поезд жолдогу өтмөгүнө саат 13:55 чамасында жетип келдик.

Өтмөктүн күн батыш тарабындагы Жайыл районуна караштуу, ал эми күн чыгыш тарабындагы Москва районунун Петровка айыл аймагына караштуу поезд жолдун боюнда 3 жерден өрт чыгып жатыптыр. Айлабыз кеткенде кийимдер, жыгачтар менен чапкылап өчүрүүгө аракеттендик.

Аңгыча адамдар да туш тараптан келе баштады. Канчалык аракеттенсек дагы тилсиз жоого күчүбүз жеткен жок. Бышып жетилип, сабагы куурап турган арпа, буудай күйүп, өрттүн ылдамдыгын шамал да күчөтүп жатты. Күн чыгыш тарабынан, айылдан эски кампага кетүүчү унаа жолго барып өрт токтоду. Эгерде өрт өчүрүүчүлөр өз мезгилинде келгенде бир топ эгин сакталып калат эле.

Өрттүн кесепетинен 301 гектар жер аянты күйүп кетти. Биз өрт поезд жолдон болгонун болжолдойбуз. Себеби, саат 13:30 чамасында жүргүнчүдөрдү ташыган поезд өткөн. Арадан 10 мүнөт өткөн соң эгин талаанын 3 жеринен түтүн көтөрүлүп, өрт чыккан. Мүмкүн темир жол рельсинен оттун учкуну чыккандыр же поезддеги жүргүнчүдөр чылымдын калдыгын терезеден ыргыткандыр. Кыскасы, түрдүү версияларды ойлоп турабыз», - деди 48 жаштагы жергиликтүү тургун Сатар Даиров.

Ошондой эле ал 20га жакын дыйкан түшүмдөн кур калганын айтты.

«Эгин оруп жаткан комбайн өрт чыккан темир жолдун боюнан алыста иштеп жаткан. 20дай жеке ишкер түшүм алуу алдында турганда мээнетин отко күйгүзүп отурушат. Фермер Арсен Мукеевдин 90, Павел Чигридовдун 25 гектар жердеги арпа, буудайы кара түтүнгө сапырылды. Насыяга акча алып, жер айдатып, урук алып, жер семирткичтерди чачып убара болгону да бар. Жаз айлары жаанчыл болгондон улам түшүм да мол болгон.

Эми 20 жеке ишкер үй-бүлөсү менен кеткен чыгымдарын эсептеп, айрымдары насыяга алган акчаны кантип төлөөнүн жолдорун ойлоп баштары маң. Өрттүн себептерин, өрт өчүрүүчүлөрдүн жоопкерчиликсиздигин тийиштүү жетекчилер аныкташы керек. Бул иш көмүскөдө калбаса кийинки жолу да кайталанып, дыйкандар, жеке ишкерлер, фермерлер жана дыйкандар жабыркабайт эле. Эгин талааларында техникалык коопсуздук боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес», - деди С.Даиров.

Анын оюн Беловодск айылынын 55 жаштагы тургуну, жеке ишкер Павел Чигридов толуктады.

«Мен 25 гектар жерге буудай өстүргөм. Түшүмү мол болгон. Жаз алды менен ушул талаада эмгектенип келем. Жамгырлуу күндөрдө да жан үрөп иштедим. Ар бир гектарына болжол менен 12 миң сомдон жумшагам. Ошондо 300 миң сомдой чыгым тартып, буудайымдын күйгөн баштарын кармап, ичимден сыздап жатам. Бир жылга тете эмгек 1 саатта кара түтүн болуп учуп кетсе ким кайгырбайт. Эгер чындык, калыстык болсо өрттүн себебин аныктоо керек. Мен деле көпчүлүккө кошулуп, поезд өткөн соң өрт болгон деген оюмду айтам. Жергиликтүү, жогорку бийликтегилер туура баасын берерине ишенем жана үмүттөнөм.

Өрттү көпчүлүк эл өчүрдү. Өрт өчүрүүчүлөр кечигип келишти. Бирок жалгыз унаасы менен мынчалык ири өлчөмдөгү аянттагы өрттү өчүрүү мүмкүн эмес эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×